Талдоочулар Жапаровдун мындай форматтагы иш сапарын жергиликтүү көйгөйлөргө көңүл буруусу десе, айрымдары келерки жылдагы шайлоого байланыштырууда.
Оштогу алешемдиктер, президенттин жообу
Президент Садыр Жапаровдун аймактарга сапары бул ирет адаттан тыш болду. Ал 10-апрелден бери Ош шаарында жана район борборлорунда эл менен жолугууда.
Мамлекет башчыга жергиликтүү социалдык маселелерден тарта укук коргоо органдары жана сот иштерине байланыштуу суроолор берилип жатат. Оштогу мыйзамсыз делген имараттардын бузулушу, мүлк ээлерине байланыштуу да сөз болуп, президент мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин кемчиликтерин айтты.
“Отчет алгандан кийин гана көрдүм мен дагы. Чындап эле аша чаап кеткен жерлери болгон экен. Сносту кылбай туруп, алар менен тил табышышы керек эле. Бүгүнкү күнгө чейин 700 канча кишинин үйү бериле элек экен. Анын баарын ордуна келтиребиз. Ал бийликтин кемчилиги. Менин деле кемчилигим десем болот. Ишенип мэр кылсам, ушундай туура эмес иштерди жасап ийгени үчүн мойнубузга алабыз”, - деди Садыр Жапаров.
Курулуш министрлиги да Оштогу курулуштар тиешелүү документтери жок жүрүп жатканы Токторбаев мэрликтен кеткенден кийин билингенин билдирген. Мындан улам президенттин кадр саясатын жүргүзүүдөгү жоопкерчилигин эске салгандар да болууда.
Окумуштуу, профессор Венера Сайпидин президент менен элдин келишимин эске салды.
“Эл референдумга барып, Конституцияны колдогон добушун берген. Демек эл менен президенттин ортосунда келишим түзүлгөн. Ал келишимди так аткаруу керек. Ош республикадагы ири шаарлардын бири, анын мэрин президент түз дайындайт. Ал адамды тандап атканда да, иштеп жатканда жана кетирип жатканда да президент өзү көзөмөлдөгөнгө милдеттүү болчу”.
Ал бүт маселенин президентке түз айтылып жатканы жана чечүүгө мамлекет башчынын өзүнүн катышып жатканын системанын катасы деп мүнөздөдү.
Ар бир райондогу жолугушуулар
Президент менен жолугууга жарандар алдын ала түзүлгөн тизме менен кирип жатканы айтылып, айрымдар кире албай калганына даттанган. Жыйын учурунда президент күзөтчүлөрүнө тапшырма берип, сыртта калгандарга да суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берилди.
Президенттин 10-апрелде Ош шаарынан башталган сапары кийин Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда уланды. Анын жүрүшүндө Жапаров эркин журналист Ыдырыс Исаковго учкай маек берип, өлкөдөгү айрым маселелер тууралуу пикирин билдирди.
“Экономикалык кылмыштуулук боюнча мындан бир жыл мурда тапшырма бергем, азыр долбоорун жазып атышат. Экономикалык кылмыштар боюнча камап алып “кусасың” дебей, алгач кылмыш ишин козгоп, тергеп, салык аркылуу далилдеген соң төксүн. Ошондо төкпөсө анан камагыла. Камап алып төктүрбөгүлө дегем. Бизнесмендерди коргоо боюнча мыйзам жазылып жатат, даяр болгондо парламентке кирет”.
Жапаров президенттикке киришкен жылы журналисттерге басма сөз жыйынын берип, кийин аны уланткан жок. Коомдогу актуалдуу маселелер тууралуу “Кабар” улуттук агенттигине жазуу түрүндө маек берип турат.
Мындан улам анын эркин журналистке берген интервьюсу сапардагы өзгөчөлүк болуп калды.
Сапардын себеби шайлоодобу?
Айрым талдоочулар президенттин Ошко көп күнгө барганынын бир себеби катары аймактардагы көйгөйдүн көбөйгөнүн белгилесе, президенттик шайлоонун жакындап келатканын назарга туткандары да бар.
Маселен, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев мындай деди:
“Эми негизги максат шайлоо эмес го дейм. Албетте, шайлоо дагы талапкер катары президенттин көнүлүндө турат болушу керек. Жайында ШКУ, Көчмөндөр оюну болуп калат. Мүмкүн убактысы жетпей калат. Азыркы маселе чогулган көйгөйлөрдү чечүү керек. Ал үчүн ар бир күн маанилүү. Бул президенттик шайлоого оң таасирин тийгизет деп ойлойм”.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтөт. Конституциялык сот президент Жапаровду экинчи мөөнөткө талапкер катары ат салыша алат деп чечим чыгарган.
Венера Сайпидин шайлоого бир жыл калганда президенттин көбүрөөк эл аралап калганы кадыресе көрүнүш экенин белгилеп, ушундай мүмкүнчүлүк башка ат салыша турган саясатчыларга да берилиши керек дейт.
"Бул жүрүштү президент эле эмес бул кызматка ат салыша турган бардык саясатчылар жүргүзсө жакшы болмок. Биз шаша-буша, жакшы билбей же карапайым көз караш менен президент тандап алып, 30 жылда отуз миң жолу "оозу күйгөн" элбиз. Ошондуктан акыл калчаганга элге мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек. Жапаровдун бул жүрүшү туура деп эсептейли, бирок башка талапкер боло тургандардын элге чыгып, ачык сүйлөй турган иш-чараларга жол берилсе дейм".
Садыр Жапаровдун Ош облусундагы сапары 15-апрелге чейин уланып, Өзгөн, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондоруна барып, айрым имараттардын курулушу менен таанышып, кээ бирлеринин ачылышына катышат.
Шерине