Талдоочулар анын өлкөдөгү социалдык маселелерден тышкары саясий процесстерге да активдүү катышып, эл аралык кызматташтыкта ролу болгонун айтууда. Байсалов өкмөттө төрт жарым жыл турган кызматында эмне менен эсте калат?
Төрт жарым жылдык вице-премьерлик
Өкмөттөн кеткен Эдил Байсалов кызматта эң узак турган вице-премьерлердин бири болуп калды. Ал кызматтан кетерин президенттин жарлыгы жарыяланганга чейин Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада айткан:
“Төрт жарым жыл вице-премьерлик көп кызмат болду. Ошондуктан мен сурандым. Бул вицеликте, өкмөттө мокобой, энергиясы менен иштеш керек. Түштөн кийин жарлык чыгат. Сиздер менден угуп жатасыздар”.
Байсаловдун кызматтан кетери тууралуу маалыматтар буга чейин да тарап, президенттин администрациясы аны четке каккан.
Байсалов бул кызматта узак отурганынан тышкары саясий билдирүүлөрү жана кайым айтышуулары менен да эсте калды. Ал айрыкча Жогорку Кеңештин жыйындарында депутаттарга карата курч риторикасы менен коомчулуктун талкуусуна түшкөн.
Анын парламентке жана депутаттарга айткан сын-пикирлери Жогорку Кеңеште нааразылык жаратып, Байсаловду кызматтан алуу боюнча үч депутаттык топ президентке сунуш жөнөткөн. Кийин бул маселе депутаттар арасында кайра козголуп, жыйынтык болгон эмес.
Депутат Дастан Бекешев анын ишмердигине президент баа бериши керек деген пикирде.
“Менимче, өз учурунда социалдык блокко көңүл бурса жакшы болмок. Байсалов бир топ жолу парламент менен тирешип, терс пикирин айтып жүрдү. Аны баалай тургандай укук бизде азыр жок. Ага баа бере турган киши азыр президент”.
"Тарбиялоо" тууралуу айтканы талкууга түшкөн
Байсалов мыйзам негизинде социалдык блокко – саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык маселелер үчүн жооптуу болду. Ал мындан тышкары эл аралык кызматташууга да активдүү катышып жүрдү. Саясий кайым айтышууларда, ар кандай талаш-тартыштарда да ачык пикир билдирип, президенттин позициясын коргоп келди.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев буларга токтолду:
“Анын узак убакыт кызматта турушунун бир себеби ар кандай стратегиялык, коммуникативдик, интеллектуалдык маселелерде президент Жапаровдун муктаждыктарын орундатып, натыйжалуу иштерди алып барууда өзүн көрсөтө алды. Өзгөчө тышкы байланышта эл аралык өнөктөштөр, уюмдар менен кызматташтыкта Кыргызстандын көз карашын, кызыкчылыктарын коргоодо эң чоң рол ойноп келди”.
48 жаштагы Эдил Байсалов соңку 20 жылдан ашык саясий айдыңда жүргөн жарандык активисттердин, активдүү саясатчылардын бири. Бейөкмөт уюмдар менен тыгыз кызматташып, саясий процесстерге катышып жүргөн. 2019-жылы Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалган.
Өкмөттө жүргөн учурда Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана жарандык уюмдардын ишмердиги боюнча маселе жок экенин айтып, кабыл алынган талаштуу мыйзамдарды жактаганына нааразы болгондор бар.
Анын журналисттердин, активисттердин камалышын “тарбия берүү амалы” деп мүнөздөгөн билдирүүсү да талкууга түшкөн. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, кийин акталган саясатчы Улукбек Маматаев буларга токтолду:
“Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар биринчи инстанцияда акталганда да ал “биз буларды тарбиялап жатабыз” деген сөздөрдү айткан. Аягында келип соттон акталдык. Байсаловдун мындай териштирүүлөр менен кандай тиешеси бар? Укук коргоо органдарына кийлигишкен болуп жатпайбы”.
Элчини күткөн көйгөйлөр
Байсаловдун АКШга элчи болуп дайындалары тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда пикирин жазгандар болду.
“Анын олуттуу эл аралык тажрыйбасы бар. АКШдагы окуусу, эл аралык уюмдар менен иштешүүсү, Улуу Британиядагы дипломатиялык миссиясы жана башка өлкөлөрдөгү аккредитациясы ага жергиликтүү бюрократиянын алкагынан тышкары көз карашты калыптандырды. Элчилик кызматка дайындалуу ыктымалдыгы үчүн бул абдан маанилүү сапат. Анын АКШга дайындалышы тууралуу азырынча расмий эмес айтылууда, бирок мындай вариант толук мүмкүн көрүнөт”, - деп жазды PR адис Асел Өмүракунова.
Байсаловдун дипломатиялык миссиясы АКШнын айрым өлкөлөрдүн катарында Кыргызстандын жарандарына да визалык, миграциялык талаптарды күчөткөн учурга туш келди. Алсак, жыл башында Вашингтон Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкону маалым болгон. Мындан тышкары катаалдаган иммиграциялык талаптардын запкысын чеккен кыргызстандыктар да болууда.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев жаңы элчи көңүл бура турган маселелерди эске салды.
“Кыргызстанда көп адамдарды Кыргызстандын бир төп өлкөлөр менен кошо визалык чектөөгө кабылып, АКШга баруу кыйын болуп калганы кызыктырат. АКШнын жаңы администрациясынын саясаты болду. Бирок Кыргызстан буга туш болбошу керек эле. Менимче, элчи ушул багытта катуу иш алып барышы керек. Стратегиялык өнөктөштүк, инвестиция тартуу, дипломатиялык саясий майданда Кыргызстандын кызыкчылыктары менен АКШнын аракетин туш келтирүү сыяктуу маанилүү маселелер бар”.
Кыргызстандын АКШдагы буга чейинки элчиси Айбек Молдогазиев быйыл январда Монголиядагы элчиликке которулгандан бери бул кызмат бош турган.
Шерине