Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Көл-Үкөк жайлоосунан төрт турист, жети өспүрүм коопсуз аймакка чыгарылды

Коопсуз аймакка чыгарылган туристтер.
Коопсуз аймакка чыгарылган туристтер.

2-июлда Нарын облусунун Кочкор районундагы Көл-Үкөк жайлоосунан төрт чет элдик турист жана жергиликтүү жети өспүрүм коопсуз аймакка чыгарылып, Кочкор айылына жеткирилди.

Бул тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 1-2-июль күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Кочкор районунда 9 көпүрөнү суу алып кеткен.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул жылы 283 сел кырсыгы катталды. 1-июлдун кечинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Арча Макс” конок үйүнүн короосун суу каптап, “Лукоморье” эс алуу жайынын имаратына сел кирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG