Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:09

Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын ачылышы болду

 “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы.
“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы.

3-июлда Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын (АФИА) ачылышы болуп, ага дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өнөктөштөр катышканын президенттин администрациясы маалымдады.

Иш-чараны ачып жатып президент Жапаров бул аймак аймактык жана дүйнөлүк экономикалык процесстер үчүн жаңы инвестициялык аянтча болорун белгиледи. Ал ошондой эле долбоордун укуктук базасына жана институционалдык негиздерине токтолду.

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө мыйзам аркылуу аймактын макамы, анын укуктук негизи, иштөө тартиби, башкаруу органдары, жөнгө салуу, каттоо, лицензиялоо, талаштарды чечүү механизмдери жана катышуучулар үчүн кепилдиктер аныкталды. Мына ушундай дыкат мамиле менен “Тамчы” инвестициялык аймагынын узакка иштөөсүнө, инвесторлордун ишеними менен бул долбоорго катышуучулардын бардыгынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган толук кандуу укуктук институт түзүлдү”, - деди Жапаров.

Долбоорду ишке ашыруудан 2035-жылга чейин аталган инвестициялык аймакта 3 900дөн ашуун резидент-компаниялар иштери, 10 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөрү күтүлүүдө.

Маалыматта долбоор жергиликтүү дыйкан, фермер жана чакан бизнеске да экономикалык таасирин тийгизери айтылат.

Жапаров символикалык түрдө геобелгини иштетип, дүйнөлүк каржылык картада жаңы чекиттин пайда болгонун белгиледи.

Мындан кийин Президент алгачкы беш резидентке сертификаттарды тапшырды. Алар БАЭ, Гонконг, Швейцария жана Түштүк Кореядан келген компаниялар – SkyBridge Digital Finance компаниясы, төлөм платформасы Thunes, брокердик компания Victory Securities, финтех компаниясы Onchain Technologies жана көп профилдүү холдинг Serim болду. Ал эми дагы 15 компания “Тамчы” АФИА резиденти катары каттоо жол-жобосунан өтүп жатканы белгиленди.

“Тамчы” АФИА Англис укугу принциптеринин негизинде иш алып барат. Анын аймагында өзүнүн финансылык жөнгө салуучу органы, Эл аралык талаштарды чечүү борбору жана бирдиктүү санариптик каттоо системасы иштейт.

Резиденттер үчүн 49 жылдык мөөнөткө киреше салыгы, дивиденддерге салык, капиталдын өсүшүнө салык жана кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча нөлдүк салык режими каралган. Компанияларга чет элдик жарандардын 100 пайыз ээлик кылуусуна жана алынган пайданы эркин сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк берилген.

Тамчы айылынын жанында жайгашкан борбордун аймагында заманбап бизнес-борбор иштеп жатат. Учурда мейманкана комплекстери жана турак жай объектилери курулууда. Ага жакын жерде “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайгашкан. “Тамчы” АФИА жалпы аймагы болжол менен 6 миң гектарды түзөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG