Мамлекет башчынын билдирүүсүнө удаа эле Кыргызстандагы өзбектердин улуттук маданий борбору да билдирүү жарыялап, ушак-айыңдарга ишенбөөгө, маалыматтын аныктыгын текшербей туруп таратуудан алыс болууга чакырды.
"Чагымчылдардын куурчагы болуп кетишпесин"
Президент Садыр Жапаров 12-ноябрда шайлоо алдында “түштүктө өзбек-кыргыз ортосунда чыр чыгаргысы келген, арам ойлуу саясатчылар” тууралуу маалымат алганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Жапаров бул азырынча сөз болгону менен ишке ашып кетүү коркунучу бар экенин белгилеп, элди мындай азгырыктарга жетеленбөөгө чакырды.
“Азырынча сөз кылып гана жатышат. Бирок сөз жүзүндөгү бул чагымчыл ойлору ишке ашып кетиши да мүмкүн... Айрыкча, ошол эки жаңжалды башынан кечирген орто жаштан өтүп калган өзбек-кыргыз ак сакал, көк сакалдар, сиздер ошол жаңжалдарды көрбөгөн азыркы каны кызуу 20-25 жаштагы жаш балдарга жаңжалдын кесепеттери кандай трагедиялуу болорун эскертип туруңуздар. Жаңжалды көрбөгөн жаш балдар бир гана бийликти көксөгөн арам ойлуу чагымчылдардын куурчагы болуп кетишпесин. Мен муну коркуп айтып жаткан жерим жок. Мен эскертип, “алдын алалы” деп айтып жатам... Биз карапайым элге кесепети тийбеши үчүн, бейкүнөө адамдар жабыркабашы үчүн, чагымчылдар кайсы улуттан болбосун, дароо бөгөт коюшубуз керек!”, - деп жазды Жапаров.
Президент кимдир бирөөлөр чагымчыл кептерди айтып, иш-аракеттерди баштаган болсо, аны байкаган жарандарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) же Ички иштер министрлигине (ИИМ) кабарлоого чакырды.
Садыр Жапаров билдирүүсүндө айрымдар буга чейин «Кытай темасын көтөрүшкөндө эл ээрчибей койгондон кийин, эки бир тууган элди өзбек-кыргыз кылып бөлүп, чабыштыруу планын ойлоп жатышканын» белгиледи.
Бирок президент кимдир бирөөнүн атын атап, кеп эмне тууралуу болуп жатканын тактаган жок.
"Каргашаны алдын алуу керек"
Президенттин билдирүүсү жарыяланары менен коомчулукта кызуу талкуу башталып, социалдык тармактарда түрдүү ой-пикирлер айтылууда. Айрымдар мамлекет башчысынын билдирүүсүн кооптонуу менен кабыл алса, кээ бирөөлөр президенттен далил талап кылууда.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов улут аралык чагымчыл аракеттерге катуу жана ыкчам чара көрүү зарылдыгын мамлекеттик "Кабар" агенттигине берген комментарийинде айтты.
"Эгер президент ушундай билдирүү жасаса, демек, анын колунда жөн гана маалымат эмес, атайын кызматтар жана күч түзүмдөрү тарабынан тастыкталган так маалыматтар бар. Бул, биринчи кезекте, улуттар аралык чагымчылдыкты уюштурууга даярданып жаткан же ага катышууну көздөгөн адамдарга берилген олуттуу эскертүү. Мындай чагымчыл аракеттердин бардык кесепетин карапайым адамдар тартат, эң көп ошолор жабыркайт. Бул жеңүүчүсү болбогон жарандык согушка барабар. Ошондуктан мамлекет жана президентибиз алдын алуу чараларын көрүп жатат. Кеч боло электе кызуу кандуу адамдарды токтотуу зарыл", – деди ал.
Марат Иманкулов чагымчылардын ниети Кыргызстандын президенттик шайлоосун үзгүлтүккө учуратуу гана эмес, жалпы Борбор Азия аймагын өнүгүү жолунан тайдыруу жана ири инфраструктуралык долбоорлорго зыян келтирүү аракети деп эсептейт.
Талдоочу Эржан Сулайманов президенттин соңку билдирүүсү өтө олуттуу экенин белгилейт.
"Президенттин бул кайрылуусу өтө олуттуу жана маанилүү. Анткени жөндөн-жөн мындай кайрылуу жасалмак эмес. Демек, атайын кызматтарда да ушундай маалыматтар болгону үчүн бул маселе көтөрүлдү. Карапайым элдин арасынан жаңжал чыкпайт, алар ынтымакта жашап келген чакта жаңжалдар көбүнчө бир ууч эл бузарлардын айынан чыгарын буга чейинки эки улут аралык жаңжал көрсөттү. Ошондуктан кандай гана чагым болбосун, кызуулукка алдырбай, күч органдарына кайрылып, мыйзам чегинде чечүү зарыл. Президент өзү эскертип жаткан соң, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө буга өтө олуттуу мамиле жасалышы керек. 2010-жылкы каргашалуу окуя бир аз унутулуп, эл арасында ынтымак орноп калган учурда президенттин мындай кайрылуусу эки элди тең ойго салды. Бирок ошондой болсо да, андай каргашага жол бергенден көрө, аны алдын алган жакшы", - деди Эржан Сулайманов.
"Өзбек коомчулугун пайдалангысы келгендер бар"
Президенттин билдирүүсү жарыялангандан көп өтпөй, Кыргызстандагы Өзбек улуттук маданий борбору билдирүү таратты. Уюм Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган кайрылуусунда Кыргызстанда тынчтыкты, туруктуулукту жана улут аралык ынтымакты сактоого чакырып, президенттин бул багыттагы кайрылуусун колдой турганын билдирди.
Ош шаарындагы Өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Дилмурод Ишанов Кыргызстан түрдүү улуттардын өкүлдөрү ынтымакта жашаган жалпы мекен экенин белгиледи. Анын айтымында, кыргыз жана өзбек элдерин кылымдардан бери уланып келе жаткан тарыхый достук, коңшулук, бир туугандык жана руханий баалуулуктар байланыштырып турат.
"Кудайга шүгүр, азыр бизде улут аралык чагым да, айың кеп да жок. Ош шаарында тынч, кыргыздар да, өзбектер да жакшы маанайда. Шаарыбыздын мэри аймактарда эл менен жолугушуп жатат. Жеке социалдык көйгөйлөр болбосо, башка маселе жок. Албетте, ар кандай тополоңду алдын алган жакшы. Чагымдын кесепетин 1990-жылы да, 2010-жылы да башыбыздан өткөрдүк. Азыр коом өзгөрдү, социалдык тармактарга чыккан маалыматтарды да текшерип калган заман. Анткени адамдар азыр ЖИ (жасалма интеллект) менен жасалган сүрөттөр, видеолор тарап жатканын билип, аңдап калышты. Чындыкты да, маалыматтын аныктыгын да текшерип калбадыкпы. Ошондуктан жалпы журтубуз чагымга алдырбайт деп ишенем. Кыргызстаныбыз өнүгүп жатат. Президент айылдарга чейин барып, эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, чечип жатат. Көз тийбесин ынтымагыбызга!"
Учурда Германияда жашаган активист Шохрух Саипов Кыргызстанда өзбектер саны боюнча экинчи орунда турарын, ошондуктан шайлоолордо алардын добушун алууга аракеттер болуп келгенин белгиледи. Анын пикиринде, бул жолу да айрым саясатчылар өзбектердин добушун алууга аракет кылып, өзбек коомчулугун өз кызыкчылыктарына пайдаланууга умтулушу мүмкүн.
"Азыркы тапта мурдагыдай жаңжалдарга себеп жок. Өзбек коомчулугунда азыр кайсы бир лидерге ишенип, аны ээрчигендер да жок. Ар ким өз укугун өзү коргоп, чуркап жүрөт. Мурда өзбектердин атынан бир нече лидер сүйлөп, бийлик менен да, оппозиция менен сүйлөшүп келген болсо азыр андай жок. Бирок азыр эң коркунучтуусу - эки элди уруштурган чагымдар жөнөкөй социалдык маселеден чыгышы мүмкүн. Мисалы, акыркы эки жылдан бери снос маселеси чыгып келе жатат, ошондо укугу бузулган өзбек жарандын сөзүн пайдаланышы мүмкүн. Эзелтен коңшулаш жашап келген карапайым элде эч кандай талаш жок, алар бири-бирин жакшы билет, базарда сатуучу өзбек болсо, алуучу кыргыз, же, тескерисинче. Бир маселе чыкса элдик дипломатия менен чечип алышат. Балээнин баарын саясатчылар өздөрүнүн ыплас мамилеси менен баштап, эки элдин ортосуна от жагышы мүмкүн. Биздин бийлигибиз да, элибиз да ага жол бербеши керек".
"Укук коргоо органдары реакция кылыш керек"
Президенттин соңку билдирүүсү шайлоо алдындагы талкууну күчөткөндөй болду. Активист Руслан Бекназаров Жапаровдун акыркы эскертүүсүнөн кийин камоолор болушу мүмкүн деп болжолдойт:
"Президенттин билдирүүсү - олуттуу маселе. Ал жөн жерден мындай билдирүү жасабайт. Демек, ага жеткен маалыматтар олуттуу, орчундуу болгону үчүн өзү билдирүү кылып чыкты. Бул катуу билдирүүдөн кийин сөзсүз камоолор болот, көп эле адам жоопкерчиликке тартылат. Анткени мамлекет башчынын сөзү жөнөкөй эле билдирүү эмес, эми укук коргоо органдары ага реакция кылышы керек, антпесе мамлекет башчынын билдирүүсү жөн эле сөз болуп калат".
Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык жаңжал эки жолу катталган: 1990-жылы жана 2010-жылы. Расмий маалыматтарга ылайык, акыркысы болгон Июнь коогалаңында 446 адам каза таап, 2 миңге жакын адам ар кандай жараат алган. Ошондой эле 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.
Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда жашаган өзбек улутундагы жарандардын саны 985 миң болуп, алар өлкө калкынын 15 пайызын түзгөн. Бирок Статкомдун андан кийинки маалыматтарында бул көрсөткүчтөр ачык жарыяланган эмес.
Президенттик шайлоо 27-январда өтөт. Шайлоого талапкер болуу үчүн 11 саясатчы Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Алардын арасында учурдагы президент Садыр Жапаров да бар. Мамлекет башчысы буга чейинки билдирүүлөрүндө шайлоо ачык атаандаштык шартында өтөрүн жана эч кимге бут тосуу болбой турганын бир нече жолу белгилеген.
Шерине