"Бир дүйнө-Кыргызстан" уюму президент Садыр Жапаровго 2010-жылдагы Июнь окуясы үчүн соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровду көзү өткөндөн кийин актоого чакырган кайрылуу жасады.
Анда адвокаттар, уюмдун эл аралык өнөктөштөрү Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетинин Аскаровду актоо, соттуулугун жоюу жана үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүү тууралуу сунушун эске алууга чакырган.
"Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин расмий түрдө коюп жатат. Тандоо БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-отурумунда болот. БУУ комитетинин чечимин Кыргызстан бүгүн аткарышы керек", - деп жазылган "Бир дүйнө-Кыргызстан" уюмунун кайрылуусунда.
Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, 2010-жылдын июнь айындагы коогада "жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 абакта пневмониядан көз жумган. Анын адвокаттары Аскаровдо COVID-19дун симптомдору байкалганын билдирген.
Тергөө Аскаровдун коогадагы күнөөсү далилденгенин, ал башаламандыкка, бийликке баш ийбөөгө чакырык жасаганын, адам өлүмүнө айыптуу экенин жарыялаган. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.
Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышкан. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген. (ZKo)
"Бир дүйнө-Кыргызстан" уюму маркум Азимжан Аскаровду актоого чакырды
Дагы караңыз
Шерине