ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

ТИМ Орусиядагы жарандарга согушка тартылып кетүүдөн сак болууну эскертти

Орусиянын абактарынын бири.
Орусиянын абактарынын бири.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы мекендештерди миграциялык мыйзам талаптарын так сактоого жана кандайдыр бир эмгек келишимдерине кол коюуда кылдат текшерүүгө чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук департаменттин экинчиси катчысы Эсенбек Эргешов "Азаттыкка" билдирди.

“Жумуш берүүчү жөнүндө толук маалымат алыш керек. Ачык булактар бар. Ал жерден ар бир компания жана анын жетекчиси жөнүндө билсе болот. Келишимге кол коюп жаткан адамдын паспортун алып, андагы кол тамганы салыштырса болот. Келишимде жумуш шарттары, келишимдин мөөнөтү, иштин убактысы, кайсы жерде иштей турганы так жазылышы керек. Кээ бир жарандарыбыз карабай эле кол коюп коюп, айрымдары жогору айлык маянага кызыгып, ашпозчу, айдоочу же кароолчу болуп аскердик кырдаал күчөп жаткан аймактарга барып, андан ары согушка тартылып кетип жатат”, - деди Эргешов.

Эргешовдун маалыматы боюнча 1-октябрга карата Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан 963 кыргызстандык бар. Мындан тышкары 502 жаран тергөө абагында кармалып турат.

3-ноябрда Манас шаарында Украинадагы согушка мажбурланып жиберилип жаткан кыргызстандыктын жакындары бийликке кайрылган. Алар 21 жаштагы Элистан Кыргызстанда алданып, азыр Орусияда коркутуу жолу менен согушка жиберилүү алдында турганын айтып чыгышкан.

5-ноябрда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Токтогуловдун Украинадагы согушка тартылышына байланыштуу Орусиянын башкы дипломатиялык мекемесине нота жөнөткөнү белгилүү болгон. Элчилик аталган жарандын мекенине тез арада кайтарылышын камсыз кылууну талап кылган.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирген.

Министр согуштан канча кыргызстандык кайтарылганын айткан эмес.

Кыргыз бийлигине кайрылып, бирок баласын, жакындарын согуштан кайтара албай убара тарткандар дагы бар.

Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоору 1-октябрга карата Орусия Украинага каршы согушка Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан 20 437 жаранды тартканын аныктаган. Алардын 2 219у кыргызстандык экени белгиленген.

“Хочу жить” долбоору былтыр ноябрда жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген кыргызстандыктын 143ү окко учкан.

Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстан жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу эскертип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.

XS
SM
MD
LG