ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Асеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды

Асеин Исаев.
Асеин Исаев.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордо" 13-ноябрда билдирди.

62 жаштагы Исаев 2022-жылдан бери тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Ушуну менен Исаев экинчи ирет Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды. Буга чейин 2015-2019-жылдары бул кызматты Нидерланд, Люксембург жана Франциядагы элчилик менен айкалыштырып аркалаган. Ошол эле учурда НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп турган.

2019-жылы Кыргызстандын Индиядагы элчиси болгон.

Кыргызстандын Бельгиядагы мурдагы элчиси Айдит Эркин 9-ноябрда кызматтан алынып, Пакистанга элчи болуп дайындалган эле.

XS
SM
MD
LG