Бүгүн, 12-ноябрда, Брюсселде Европарламент Орусиянын украиналык балдарды депортациялоо жана мажбурлап орусташтыруу аракеттерин геноциддин юридикалык аныктамасына туура келет деген резолюция кабыл алды. Документти 536 депутат колдоп, 8и каршы чыкты.
Депутаттар БУУнун Геноцид жөнүндөгү конвенциясына таянып, Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдү бул аракеттерди расмий түрдө геноцид деп таанууга чакырышты.
Резолюциядагы негизги талаптар - балдарды эч кандай шарт койбостон тез арада мекенине кайтаруу, бул маселени тынчтык сүйлөшүүлөрүндө соодалашуу куралына айландырбоо, Орусия менен Беларустан балдар тууралуу толук маалымат берүү, аларды асырап алуу боюнча интернет-каталогдорду жабуу жана эл аралык уюмдарга балдарга тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү.
Ошону менен катар оккупацияланган аймактарда балдарды аскердик машыгууларга тартууну («Юнармия», дрон башкаруу) жана аларды өз элине каршы согушууга мажбурлоону айыптоо керектиги белгиленди.
Балдарды ташууга жана кайра тарбиялоого тиешеси бар бардык адамдарга, ошондой эле «Газпром» жана «Роснефть» компанияларына каршы санкция киргизүү талабы да коюлду.
Евробиримдиктин дипломатия башчысы Кая Каллас билдиргендей, Орусия 20 500дөн ашуун украиналык баланы мыйзамсыз депортациялаган. Ноябрь айына карата алардын 2 790у гана Украинага кайтарылды.
Шерине