Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу министр 13-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Мунун алдында эл өкүлү Айбек Алтынбеков Орусияда кыргызстандык жаранды соттун чечими чыга электе мажбурлап кол койдуруп, машыгуу лагерине алып кеткенин айтты.
Алтынбеков Кыргызстандын жараны тууралуу кенен маалымат берген жок.
Министр Кулубаев бул багытта активдүү иш жүрүп жатканын белгиледи:
"Эгерде биз убагында билип калсак аларды токтотуп калып жатабыз. Аскер комиссариаттарында же чакырып, тергөө изоляторуна алып барып кол койдуруп алып кетип жатышпайбы. Эгер ошону билип калсак, биз көптөгөн мигранттарды токтотуп калдык. Бирок кээ бир мигранттар айтпай кетип калып, баргандан кийин ата-энелери билип бизге кабар берип жатышат. Эгер ошондойлор болсо бизге арыз жазса биздин Украинада элчилик аркылуу аларга чыгып, чыгарганга аракет кылып жатабыз. Көптөрү айтпай жатышат, жарадар болгондо же каза болуп калганда эле билип калып жатышат. Ата-энелери деле билбей калып жатат. Согушка кетип калгандан кийин чыгаруу бир топ оор болууда. Эгер кайсы аскер бөлүктө, кайсыл жерде экенин билсек аракет кылабыз".
Министр согуштан канча кыргызстандык кайтарылганын айткан жок.
Кыргыз бийлигине кайрылып, бирок баласын, жакындарын согуштан кайтара албай убара тарткандар дагы бар.
Бишкек шаарынын тургуну Назира Байызбекова былтыр жыл соңунда машыгуу лагеринде жүргөн баласын Украинадагы согуш талаасына алып кете электе кайтарып алып калууну өтүнүп, кыргыз бийлигине кайрылган. Ал Орусияда абакта отурган 19 жаштагы уулу келишимге кол коюп, согушка барууга "аргасыз болгонун" "Азаттыкка" айтып берген. Баласын кайтарууга жардам сурап ал Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине дагы кайрылган.
2026-жылга карата Украинанын мамлекеттик “Жашагым келет” (Хочу жить") долбоору Борбор Азия өлкөлөрүнүн 12 666 жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарында согушканын же учурда согушуп жатканын алардын жеке маалыматтарын колдонуу менен аныктаган. Бери дегенде 1430 кыргызстандык орус армиясынын катарында жүрөрү айтылган.
“Хочу жить” долбоору былтыр ноябрда жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген кыргызстандыктын 143ү окко учкан.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусияда миграцияда жүрүп, Украинадагы согушка кеткен кыргызстандык жарандардын так саны тууралуу маалыматы жоктугун быйыл 15-январда маалымат жыйынында билдирген.
"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган. Дагы ондогону дайынсыз экени белгилүү болгон.
Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстан жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.
Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу эскертип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган. (КЕ)
Шерине