Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

Депутат Жээнчороев эрте никеге "кулак көндүргөн" саясатка тыюу салууну сунуштады

Мирлан Жээнчороев
Мирлан Жээнчороев

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев кыз-келиндерге карата зомбулук маселесин көтөрүп, эрте никеге байланыштуу "кулак көндүргөн" саясатка чек коюуну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 13-октябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын өткөн жылдагы аткарылган иштери боюнча баяндамасын угуп жаткан учурда билдирди:

"Сиз өзгөчө аялзатына карата зордук-зомбулук көбөйүп жатканын белгилеп кеттиңиз. Өспүрүмдөрдү эрте күйөөгө берүү маселеси, бул "Овертондун терезеси" (Окно Овертона), 18ден төмөндөтүү саясатына чек коюп, токтотушубуз керек. Эгер азыр биз кыздарга 18ге чыккандан кийин билим, тарбия бербесек, кийинки жашоосуна даярдабасак, генофондго таасирин тийгизет. Биз бул маселени парламентте ачык айтып чыгып жатабыз, сиз дагы буга акыйкатчы катары ачык реакцияңызды айтып чыгышыңыз керек. Анткени аялзатына бүгүн кол салынса, билим берүүгө чек коюлса, эртең улут жоголот. Генофондго залалын тийгизет, бул боюнча изилдөөлөр бар. Канчалык эрте күйөөгө тийсе, репродуктивдүү ден соолугуна зыян келип, генофонд бузулат. Бул боюнча өкмөткө, тийиштүү мекемелерге, прокуратурага дагы кайрылат элем. Ушундай чакырык жасагандарга акырын блогерлерге айттырып, аны эптеп мыйзам кылып алып келүү бул "Овертондун терезеси". Ошондуктан бул биздин саясат эмес, биздин мыйзамдар эмес деп ачык айтышыбыз керек".

Жаманбаева өзүнүн баяндамасында аялдардын, балдардын жана үй-бүлө укуктарынын корголушуна токтолуп, Кыргызстанда эрте никени алдын алуу боюнча укуктук база жетиштүү калыптанганына карабастан бул жааттагы укук бузуулар туруктуу мүнөздө сакталып келатканын белгиледи.

"Чүй, Ош, Талас жана Баткен облустарындагы мектеп окуучуларынын арасында жүргүзгөн мониторингибиз өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Сурамжылоого катышкан окуучулардын 52 пайызга чейини өз чөйрөсүндө эрте никени, ал эми 40 пайыздан ашыгы эрте кош бойлуулук учурларын кездештирип келишет. Мындай фактылар көбүнчө төрөт же медициналык жардам учурунда гана ачыкка чыгып жатканы алдын алуу механизмдеринин мүчүлүштүгү", - деди Жаманбаева.

Баяндамада айтылгандай, никеге туруу боюнча чечимдер көп учурда кыздын эркинен тышкары, үй-бүлөнүн таасири менен кабыл алынат. Бул жагдай кыздардын билим алуу жана коопсуздук укуктарын чектеп, алардын физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылышына жол ачууда. Айрым аймактарда кыздарга карата зомбулук 63 пайызга чейин жеткени көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда өткөн жылы 13-17 жаштагы 320 өспүрүм төрөп, 40тайы бойдон алдырган. Башкы прокуратура нике мыйзамын бузууга байланыштуу 34 кылмыш ишин козгоп, 100дөй адам соттолгон. Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер Кыргызстан өспүрүмдөрдүн төрөт маалындагы өлүмү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турарын, эрте турмуш куруунун кесепети оор экенин эскертип келет. “Азаттык” ушул көйгөйдү иликтеген.

Кыргызстандын мыйзамында нике курагы 18 жаштан жогору деп белгиленген. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG