Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Президент электр энергиясынын таңкыстыгы 2,5 жылда жоюларын айтты

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 12-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда Кыргызстанда электр энергиясына болгон таңкыстык эки, эки жарым жылдын ичинде жоюларын билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан эгемендик алгандан бери бир гана “Камбар-Ата-2” ГЭСи курулганын, алдыңкы жылдары “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынса электр жарыгына байланышкан маселе чечилерин айтты.

“Адамдар эртең менен жумушка кетерде чайнегин, үтүгүн, бардыгын саят, жарыгы күйүп турат. Кечинде да ошондой. Ошол маалда биз Түркмөнстандан, Орусиядан, Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын алабыз. Ал өлкөлөрдүн өзүндө да ошол маалда электр энергиясы тартыш болот. Бизге бере албай калат. Ошол маалда эмне кылабыз? Жокко айла жок да. Ошондо айрым жерлерде электр жарыгын 1-2 саатка өчүрүп турабыз. Андан кийин 100 пайыз кайра беребиз”, - деди президент.

Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG