Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:13

Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугуна боюнча жаңы программа сунушталууда

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу 2030-жылга чейинки жаңы программаны сунуштоодо. Коомдук талкууга чыгарылган документ жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга, өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Ал эми 2025-жылы 8456 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 900 адам каза болду. 12 169 адам жабыркады. 2024-жылга салыштырмалуу жол-транспорт кырсыктарынын саны 18,8 пайызга, каза болгондордун саны 21,1 пайызга, ал эми жабыркагандардын саны 15,9 пайызга өскөн.

Документте көрсөтүлгөндөй, кырсыктардын деңгээлин жана алардын кесепеттеринин оордугун төмөндөтүү үчүн негизги 9 багытта иш алып баруу каралган. Алардын ичине жол инфраструктурасынын коопсуздугун жогорулатуу жана авариялык-коркунучтуу тилкелерди жоюу, ал үчүн заманбап инженердик чечимдерди колдонуу, мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү, айдоочуларды даярдоо жана экзамен тапшыруу системасын өркүндөтүү, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу бар.

"Программанын артыкчылыктуу багыттарынын бири – айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышын контролдоону күчөтүү, калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун калыптандыруу аркылуу жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу системасын өркүндөтүү", - деп жазылган документте.

Соңку жылдары өлкөдө жол кырсыктары көп катталууда. 16-сентябрда эле Бишкек-Ош автожолунун 167-чакырымында алты адам мүрт кетип, дагы үч киши жаракат алган. 1-сентябрда ошол эле Бишкек-Ош автожолунда алты адамдын өмүрү кыйылган. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG