Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:09

УКМК кыргыз-тажик чек арасында бодо мал аткезчилиги аныкталганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен облусунун аймагында Тажикстанга мамлекеттик чек ара аркылуу бодо малды контрабандалык жол менен өткөрүп жүргөн туруктуу канал аныкталып, ага бөгөт коюлганын билдирди.

УКМКнын 12-октябрда билдиргенине караганда, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыргызстандык жарандар өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу үчүн кызмат адамына пара берүү фактылары документтештирилген.

Маалыматта айтылгандай, малдарды чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүү максатында аталган адамдар инженердик-техникалык тосмолорду атайылап бузушкан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мыйзам бузууга шектүү адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого, ошондой эле ири мүйүздүү малды мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүүнү уюштурууга жана ишке ашырууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат бодо малды коңшу мамлекетке контрабандалык жол менен өткөрүү схемасы туруктуу мүнөзгө ээ болуп, аймактагы азык-түлүк коопсуздугуна жана бааларга терс таасирин тийгизгенин билдирүүдө.

УКМК кылмышка шектелип канча киши кармалганын жана мамлекетке келтирген зыяны тууралуу маалымат берген жок.

Кармалгандардын жакындары менен алардын адвокаттары комментарий бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт.

2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан кийин Биргелешкен кыргыз-тажик демаркациялык комиссиясынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынан демаркация боюнча жумушчу топтор түзүлүп, алар демаркациялык чаралардын комплексин ишке ашырууга киришкен.(КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG