Президент Садыр Жапаров “Кумтөр голд компани” ишканасынын мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн “Кумтөрдөн” 630 миллион доллар жоголгону” тууралуу сөзүнө комментарий берди. Бул тууралуу мамлекет башчы 12-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда айтты.
Садыр Жапаров “Тенгиз Бөлтүрүктү чет өлкөдө иштеп келген мыкты адис деп “Кумтөр” компаниясына жетекчи кылганын, бирок ал ишти алдыга тарта албай койгонун” билдирди. Андан тышкары Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдө” директор болуп турганда өзүнө 100 миң доллар айлык коюп алганын, ишканага солярканы кымбат сатып алып, бир литр соляркадан 20 сомдон пайда көрүп турганын кошумчалады.
“650 миң доллар десе да окшошто го. Ал “650 млн доллар” деп атат. Логиканы эле иштетип көргүлөчү. Мен “Центеррадан” 4-5 млрд долларлык “Кумтөр” компаниясын 100 пайыз тартып алып атсам, алар анан “силер алгыла” деп Акылбек (ред: Акылбек Жапаров) экөөбүзгө акча берип коёбу? Кичине башты иштетиш керек да”, - деди президент.
Буга чейин Тенгиз Бөлтүрүк ал “Кумтөрдүн” директору кызматына келгенге бир ай калганда президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров жана “Центерра голддун” жетекчилери ишканадан 630 миллион долларды уурдап кетишкенин” айткан. Ал “Кумтөр голд компаниге” жетекчи болуп келгенде банктагы эсебинде 46 миң гана доллар калганын билдирген.
Канадалык “Центерра голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр голд компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.
2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Тенгиз Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган. Өкмөт “мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес” деген негизде аталган холдингди жойгон.
Башкы прокуратура 2022-жылы “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган.
Мекеме 2023-жылы май айында 844 млн 512 миң 858 сом Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.
2023-жылы 21-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөрдөгү” миллиондогон сомдук коррупцияга айыпталган Тенгиз Бөлтүрүктү күнөөлүү деп таап, 800 миң сом айып пул салган. Сот чечими менен анын үй камагына алган бөгөт чарасы жокко чыгарылып, анын банк эсептери камактан бошотулган.
Тенгиз Бөлтүрүк акыркы убактарда “Кумтөрдү” Кыргызстанга алуудагы анын эмгеги бааланбай калганын айтып, Садыр Жапаровду, мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровду сындап келатат. (BTo)
Шерине