Президент Садыр Жапаров жакында 15тей бажы жана чек ара кызматкерлери жапырт кармалганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 11-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда айтты. Жапаров аткезчиликке каршы катуу талап коюлганын кошумчалады.
"Мен 2020-жылы кызматка киришкенден бери бажы жана чек ара кызматкерлерине бизге бир да контрабандалык товар кирбесин деп талап коюп келем. Ал эми импорт товарларга бажы төлөмдөрүн төлөш керек. Бюджеттин өсүп жатканы ошонун эсебинен. Ар бир айыл контрабанда менен алектенсе, мен кантип экономиканы көтөрөм? Кантип силер сурап жаткан акчаны берем? Кечээ он бешке жакын чек ара жана бажы кызматкерлери кармалды. Жалаң контрабанданы киргизип, отуруп алып акча жыйнап жатышат. Мен видеосун көрдүм. УКМК жашыруун камера койгон экен. Камераны он беш күн койгон экен, экөө кирип алып, конвейердей эле", - деди Жапаров.
Мамлекет башчы азыр 15тей киши камакта экенин билдирди.
9-октябрда Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев кызматтан бошотулган.
52 жаштагы Салиев Бажы кызматын былтыркы февралдан бери башкарып келген. Ага чейин ушул эле мекеменин төрагасынын орун басары болгон. Салиевдин ордуна Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенип келген 55 жаштагы Улан Кимсанов дайындалды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигине быйыл 10-февралда келген Абдикарим Алимбаевдин ордуна Данияр Сатимов дайындалды. 57 жаштагы Сатимов Коргоо министрлигинде жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында ар кандай кызматтарды аркалаган. (КЕ)
Президент Жапаров 15тей чек ара жана бажы кызматкери кармалганын билдирди
Дагы караңыз
Шерине