Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

Кара-Кулжада жер көчкү коркунучуна байланыштуу тургундар эвакуацияланды

ӨКМдин алдындагы  Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти тараткан сүрөт.
ӨКМдин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти тараткан сүрөт.

10-октябрда Кара-Кулжа районунун Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинин тургундары жер көчкү коркунучуна байланыштуу көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат берди.

Бул тилкеде жер кыртышынын жылышы боюнча кабар түшүп, ӨКМдин куткаруучулары барып байкоо жүргүзгөн.

Ал жерде жалпы төрт турак үй болсо, анын экөөндө жашап жаткан 11 адам Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйүнө жеткирилген. Калган эки үйдө эч ким жашабай турганы белгилүү болгон.

“Кырдаал тиешелүү кызматтар тарабынан көзөмөлгө алынып, зарыл болгон чаралар көрүлүүдө”, - деп жазылган ӨКМдин маалыматында.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG