Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:31

ТИМ Эр-Риядда каза тапкан, жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди

Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) колдо бар маалыматтарга боюнча Эр-Рияд шаарындагы Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко соккулардын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандык жарандар жок экенин билдирди.

ТИМ 12-октябрда тараткан маалыматында аталган өлкөгө барууну пландап жаткан же анын аймагында жүргөн жарандарына коопсуздук чакараларын сактоого үндөдү. Ошондой эле кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактарга, ошондой эле чектөөлөр киргизилген жерлерге баруудан карманууга чакырды.

Аталган мекеме авиакомпаниялардан жана аэропорттордон авиакаттамдардын макамын алдын ала тактоону, жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салууну жана алардын көрсөтмөлөрүн аткарууну сунуштады.

Кошумча маалымат же консулдук-укуктук жардам алуу үчүн Кыргызстандын Сауд Арабия падышалыгындагы элчилигине +966 58 376 9945 жана +966 11 229 32 72 телефондору аркылуу, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине +996 999 312 002 телефону боюнча кайрылса болот.

Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы Халид падыша эл аралык аэропортуна 10-октябрдагы соккуда кеминде 12 киши каза болгон. Саудия бийлигинин билдиришинче, 300дөн ашуун киши жараат алган.

Аэропорттун иши "чыгымдарды баалоо жана коопсуздукту текшерүү аяктаганга чейин убактылуу токтотулганы” такталды. Каза болгондордун арасында Сауд Арабиясынын төрт жараны, Бангладештин эки жараны, ошондой эле АКШ, Иордания, Палестина, Сирия, Судан жана Мисирден бирден жараны бар.

Бул чабуул хусилердин жай айларында башталган дрон жана ракеталык чабуулдарынын алкагында ушул жумадагы Эр-Рияд аэропортуна үчүнчү сокку болуп калды.

АКШ президенти Дональд Трамп Эр-Рияд аэропортуна соккуну кескин айыптап, АКШнын куралдуу күчтөрү Иран колдогон хуси согушкерлерине каршы күрөштө Сауд Арабиясына кошулушу мүмкүн экенин билдирди.

Өткөн бейшембиде хусилер аэропортто үч адамдын өмүрүн алып, учакка зыян келтирген соккулар үчүн жоопкерчилик алышкан. (КЕ)

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG