Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

"Яндекстин" иши Кыргызстанда да үзгүлтүккө учурады

"Яндекс" тиркемесинен алынган скрин-сүрөттөр.
"Яндекс" тиркемесинен алынган скрин-сүрөттөр.

Кыргызстанда да "Яндекс" компаниясынын такси жана жеткирүү кызматтары үзгүлтүккө учурап жаткандыгы байкалууда. Социалдык тармактардын колдонуучулары тиркеме аркылуу такси чакыра албай жатканын жазып жатышат.

"Яндекстин" тиркемеси аркылуу тамак-аш буйрутма берүү кызматы да иштебей, "Техникалык мүчүлүштүк чыкты, бар күчүбүз менен оңдоп жатабыз", - деген билдирүү чыгып жатат. Тиркеменин колдоо кызматы да жеткиликтүү эмес.

"Яндекстин" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мындай жагдай боюнча түшүндүрмө бере элек.

11-октябрда украин куралдуу күчтөрү Орусиядагы "Яндекс" компаниясынын үчүнчү дата-борборуна сокку урганы белгилүү болду. Мындан улам компаниянын Орусиядагы бир канча кызмат көрсөтүү системаcы иштебей калган.

Мындай үзгүлтүк "Яндекс" иштеген Казакстан, Армения жана Сербияда да байкалып жатканы жазылган.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG