Кремл Украинага президенттик шайлоо өктөрүү үчүн 60 күндүк "тыныгуу" берүүгө макул эмес. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, Украинада шайлоо дайындалса, Орусия добуш берүү өткөн күнү гана сокку урбоого макул болушу ыктымал.
Песковдун пикиринде, “60 күндүк тыныгуу аларга (Украинага) шайлоо үчүн эмес, күч топтоо, жаракаттарды айыктыруу жана согушту улантуу үчүн зарыл”.
11-октябрда украин президенти Владимир Зеленский орус мамлекет башчысы Владимир Путин 60 күндүк ок атышпоого көнсө, Украина шайлоо өткөрүүгө даяр болорун айткан. Муну менен бирге ал өлкөнүн лидерин тандоону украиналыктар өздөрү чечиши керек деп баса белгиледи.
Анын алдынкы күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Украинада президенттик кызматта жаңы адамды көргүсү келерин билдирген. Трамптын пикиринде, Зеленский Орусия менен согушту токтотуу үчүн жетиштүү аракет көрбөй жатат.
Украинанын мыйзамдары согуш абалында шайлоо өткөрүүгө жол бербейт. Жетекчилердин ыйгарым-укуктары согуштук абал алынгыча узартыла берет.
Буга карабай, орусиялык аткаминерлер, кремлчил медиа бир нече жолу Зеленскийди «легитимсиз президент» деп атаган.
Украин президентинин бийликтеги биринчи мөөнөтү 2024-жылдын май айында соңуна чыкканы менен согуштун айынан шайлоо өткөн эмес.
Шерине