Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:13

НАТОнун жогорку командачысы Орусияга эскертүү жасады

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

12-октябрда НАТОнун Европадагы Бириккен куралдуу күчтөрүнүн жогорку командачысы, АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн генералы Алексус Гринкевич Түндүк-атлантикалык альянс коргонуу блогу бойдон каларын баса белгиледи. Ошол эле маалда Варшавадагы Коопсуздук форумунда сүйлөгөн кезинде генерал мүчө мамлекеттердин бирине каршы жасалган ар кандай кол салуу чечкиндүү жоопко туш болорун эскертти.

Гринкевичтин айтымында, НАТО өнөктөштөргө чабуул койгон тарапка туруштук берүү, аны алсыратуу жана талкалоо максатын коет. Командачы агрессор өз аракеттерин уланта берсе, альянс кол салып жаткан күчтөргө гана эмес, аларды камсыздап, колдоп жана башкарып турган кеңири аскердик инфраструктураны бутага аларын белгиледи.

Бул билдирүүнү көпчүлүк Москвага багытталган эскертүү катары кабыл алды.

Эксперттей белгилегендей, учурда Орусия менен көптөгөн Европа өлкөлөрүнүн мамилеси “кансыз согуш” аяктагандан берки эң төмөн деңгээлге түштү. Бир катар европалык өкмөттөр Москва континентте "гибриддик операцияларды күчөттү" деп айыптап келишет.

Москва бул дооматтарды четке кагып, НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жок экенин билдирүүдө.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG