Шымкент шаарынын тургуну Перизат Елеусизова уулу Айнабек Келдибекти бир айдан ашык убакыттан бери Казакстанга кайтара албай жүргөнүн айтат. Айнабек быйыл 27-августта Орусияга күзөтчү болуп иштөө үчүн кеткен, бирок көп өтпөй армияга алынган.
"Барып иштеп, келип калам..."
«Мага чалып: “Апаке, мени куткарып алыңызчы, болбосо качып кетем” деди. Мен ага: “Качсаң аман кайтпай каласың, балам. Элчиликке да, башка жактарга да кайрылып жатам, куткаруунун жолун издейм” дедим. Кийин дагы байланышып: “Биринчи топтогу балдарды согушка алып кетишти, мени да бүгүн-эртең алып кетиши мүмкүн, жардам бериңизчи” деп жазып жатат», – дейт Перизат Елеусизова.
Анын айтымында, 20 жаштагы уулу Орусияга күзөтчү болуп иштейм деген ой менен кеткен. Бул жумуш анын өзүнө жакын эле болчу: Улуттук гвардиядагы мөөнөттүү кызматын өтөгөндөн кийин күзөт тармагында иштеп, айына болжол менен 150 миң теңге (300 доллардай) таап жүргөн. Бирок бул каражат үй-бүлөнүн муктаждыктарына жетчү эмес. Алар жашаган үй да толук бүтө элек.
Перизат уулу үйдү бүтүрүп, агасын үйлөндүрүүгө жардам бергиси келген ниет менен Орусияга кеткенин айтууда:
«Ал мага: “Апа, үйдү бүтүрөлү, агамды үйлөнтөлү” деп айтчу. Акча дайыма эле жетпейт да. Мен болсо: “Балам, ал жакта согуш болуп жатат. Барбачы. Үйдү кандайдыр бир жол менен бүтүрөбүз, эң башкысы баарыбыз аман-эсен бололу” дедим. Бирок ал: “Апа, барып иштеп келип калам” деп эле туруп алды», – деп эскерет Перизат.
Апасынын айтымында, Айнабек бул окуя тууралуу башында эч кимге айткан эмес, анткени алданып калганына намыстанган. Бирок кийин атасына кабар берген. Перизат уулунун согушка жөнөтүлөрүн сентябрдын башында билгенин айтат. Айнабек ага башка номерден телефон чалган.
«Мага бир досум “күзөт агенттиги бар, 3 миллион рубль төлөнөт” деди. Макул болуп кеткенбиз. Жол чыгымдарын өздөрү көтөрдү. Чек арадан өткөндө тосуп алышты. Смолинский деген конушка бардык. “Бул күзөт агенттиги, силер бала бакчаларды, мектептерди жана ушу сыяктуу жайларды кайтарасыңар” дешти. Биз макул болдук. Анан бизди аскер комиссариатына алып барышты. Ал жакта колубузга көп документ беришти. Мен орус тилин билбейм, баарына эле кол коюп салдым. Ошондон кийин бизге: “Бүттү, эми согушка кетесиңер, болбосо 15 жылга кесилесиңер” деп айтып жатышты», – деп үн кат жөнөткөн Айнабек Келдибек.
Айнабек жумуш берүүчү сунуштаган келишимди сүрөткө тартып, апасына жөнөткөн. Анда Орусияга баруу тартиби жана керектүү документтерди даярдоого жардам көрсөтүлөрү жазылган. Эгер тандоодон өтсө, Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөндөй 3 миллион рубль өлчөмүндөгү бир жолку төлөм жана ай сайын 210 миң рубль айлык алары айтылган.
Бирок бул аскердик келишим эмес. Бул жөнөкөй жаран менен анын Орусияга келүүсүнө көмөк көрсөткөн башка уюмдун ортосунда түзүлгөн документ болгон. Ал эми Айнабектин айтымында, өзү кол койгон Орусиянын армиясы менен түзүлгөн келишим кийин анын колуна берилген эмес.
20 жаштагы Айнабек үй-бүлөдөгү жети баланын ортончусу. Ал Алматыдагы Улуттук гвардияда аскердик кызматын өтөп, быйыл июнь айында Чымкентке, өз үйүнө кайтып барган.
"Апаке, мен алданып калдым"
Айнабек жанында дагы бир нече казакстандык жигит бар экенин айткан. Алардын бири – Орол шаарынын 25 жаштагы тургуну Нуржан Адиетов. Анын апасы Гүлдерайым уулу чек ара ашып кеткенинен кабарсыз болгонун айтат. Анын айтымында, Нуржан Оролдон 60 чакырым алыстыктагы Теректы айылынын жанында жол оңдоп иштеп жүргөн. Үйүнө жумасына бир жолу келип-кетип турган.
«Бир күнү байланышып: “Апа, мени алдап коюшту, мен такыр билген эмесмин. Кечирип коюңузчу” деди. Мен ага: “Эмнеге кеттиң, эмнеге мага айткан жоксуң?” дедим. Жеке күбөлүгү менде болчу, сумкамда алып жүрчүмүн, ал болсо паспортун алып кетип калыптыр. Мен жокто үйгө келип алып кеткен экен. Болбосо жибермек эмесмин. Билсем, Актөбөдөн кетип баратканда Улуттук коопсуздук комитетине телефон чалып, алып келмекмин. Кара суу ичип, кара нан жесем да, балам жанымда болсо болмок. Эми кайсы жактан телефон чалышат экен деп тынчсызданып жүрөм», – дейт Гүлдерайым Адиетова.
Нуржан Адиетов августтун аягында Актөбө аркылуу Орусиянын Воронеж облусуна иштегени кеткен. Ал да Айнабек сыяктуу күзөтчү болуп иштемек болгон. Апасы тун уулунун ден соолугу начар экенин, кээде кыйналып сүйлөрүн айтууда. Корккондо кекечтенип, сүйлөй албай калат. Нуржан Оролдогу музыкалык коллежди бүтүргөн.
«Ичиң ачышат. “Эмне ичип-жеп жатасыңар?” деп сурайм. “Кайдагы бир начар нерселерди алып келип беришет” дейт. Айласыз күн көрүп жатышат. Кара суу ичип, кара нан жешсе да “өлбөйсүңөр, болгону чыдагыла, жаман иш жасап албагыла” деп айтып жатам. Билбейм эми, бардык министрликтерге жаздым, прокуратурага да жаздым, баарына жөнөттүм. Эч кандай кабар жок», – дейт Гүлдерайым Адиетова.
Иштегени кетип согушка айдалгандар
«Азаттыктын» колуна Орусияга иштегени барып, кийин согушка аралашып калган казакстандыктардын видеосу тийген. Сапаты начар кадрлардан Айнабек Келдибек менен Мирас Тасжаргановду көрүүгө болот.
Редакция буга чейин Мирас Тасжаргановдун иши тууралуу кабарлаган.
Видеодогу калган адамдар ким экени азырынча белгисиз. Жигиттер жакындарына жөнөткөн геолокациялык маалыматтарга караганда, Мирас менен Айнабек Украинанын Луганск облусунун түндүгүндөгү Белолуцк айылынын жанында жүрүшөт. Бул аймак 2022-жылдан бери Орусиянын көзөмөлүндө. Ачык булактарда аймактын ушул бөлүгүндө орус армиясы жана аскердик инфраструктура жайгашканы айтылат.
Буга чейин «Азаттыктын» казак кызматы бул маселеге байланыштуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине суроо жолдогон. Министрлик жооп катары Орусияга нота жөнөтүлгөнүн билдирген.
«Ушул жылдын 17-сентябрында элчиликтин консулдук бөлүмү Гүлжан Тасжарганова жана анын уулу Мирас Тасжарганов менен байланышып, апасы берген маалыматтарды тастыктаган. Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Мирас Тасжарганов ушундай оор абалга кептелгенин жана анын жанында өлкөбүздүн дагы бир нече жараны бар экенин, алардын мекенине кайтуусуна көмөк көрсөтүүнү өтүнгөнүн аныктадык. 2026-жылдын 18-сентябрында элчилик Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине аталган жарандардын Казакстанга кайтуусуна жардам көрсөтүү өтүнүчү менен нота жөнөткөн», – деп билдирген Казакстандын Тышкы иштер министрлиги.
Орусия тарапта согушуп жүргөн казакстандыктар менен маектешип, «Путин үчүн өлүү» аттуу даректүү тасманы тарткан журналист Лукпан Ахмедияров Казакстандын жарандарын Орусиянын армиясына тартуунун үч ыкмасын атады.
Биринчиси – адамдарды акча менен кызыктыруу. Экинчи ыкма – Орусияга ар кандай максатта барган жарандарга баңгизат боюнча жасалма айып тагып, тергөө абагында Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлоо.
«Орусиялыктардын дагы бир ыкмасы – Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын жөнөкөй жумуштарга чакыруу, – деди Ахмедияров “Азаттыкка”. – Эмерек цехи дешет, эт комбинаты дешет, колбаса таңгактоо иши дешет. Интернетте андай жарыялар көп эле. Вахталык жумушка да чакырышат. Механизми мындай: Казакстандын жараны иштейм деп барат. Анан алар “сени алып келүүгө чыгым кетирдик” деп биринчи айлыгынын кыйла бөлүгүн кармап калышат. Экинчи жана үчүнчү айлыгын да ар кандай шылтоо менен толук беришпейт. Үч айдан кийин миграция полициясы келип, “90 күн өтүп кетти, мыйзам буздуң” деп камап коёт. Ошол жерде биздин жарандарды коркутуп-үркүтүшөт. “Коргоо министрлиги менен келишим түзсөң, сага эч нерсе болбойт, тескерисинче акча табасың” деп үгүттөшөт».
Борбор Азиядан баргандарды тооруган коркунуч
Бул окуялар Орусиядагы Борбор Азиядан барган эмгек мигранттары туш болгон коркунучтарды көрсөтүп турат. Миллиондогон адамдар бул өлкөгө курулушта, айыл чарбасында, соода жана тейлөө тармагында, өндүрүш ишканаларында эмгектенүү үчүн барышат.
Укук коргоочулар жана мигранттар аскердик келишимдерге кол коюуга мажбурлоо аракеттери тууралуу эскертип келишет. Алардын айтымында, армияга тартуу иштери ишканалардагы полиция рейддери учурунда, миграция борборлорунда, ошондой эле убактылуу кармоочу жайлар менен түрмөлөрдө жүргүзүлүүдө.
Айрымдарына көп акча убуда кылып, кээ бирлерине Орусиянын жарандыгын жеңилдетилген тартипте беребиз деп, куралдуу күчтөрдүн катарына кирүүгө көндүрүшкөн. Кээлери каржылык себептерден улам өз ыктыяры менен келишим түзсө, башкалары алдоо, коркутуу же күч колдонуу болгонун билдиришкен.
Сентябрда Өзбекстандын 44 жаштагы жараны Ростов-на-Дону шаарында жумушка уруксат берүүчү документинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен рейд учурунда кармалганын айтып берген. Полиция кызматкерлери келишимге кол койгонго чейин аны сабап, басым көрсөтүшкөн. Кийин фронтко жөнөтүлүп, Луганск облусунда жаракат алгандан кийин Санкт-Петербургдагы ооруканадан ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун өзбек кызматына байланышып, Ташкенттен өзүнүн төрт баласына кайтып барышына жардам берүүнү өтүнгөн.
Оор тагдырга туш болгон борборазиялыктар аз эмес. Тажикстандын түндүгүндөгү Согд облусунда жакында 58 жаштагы кишинин сөөгү жерге берилди. Маркумдун сөөгүн август айында Украинадан алып барышкан. Ал андан бир нече ай мурда Орусия менен алты айлык аскердик келишимге өз ыктыяры менен кол койгон экен.
«Ал акча жагынан кыйналып жатты эле, Украинага баруу ошол маселесин тез чечүүнүн жолу сыяктуу көрүнгөн», – деп билдирген үй-бүлөгө жакын, атын атабоону суранган адамдардын бири «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна.
Мигранттардын укугун коргоо менен алектенип жүргөн орусиялык адис Валентина Чупиктин айтымында, адамдарды армияга тартуунун ыкмалары ар түрдүү. Айрым учурда аскердик келишимдер миграция борборлорунда мигранттар кол коюучу кадимки документтердин арасына атайылап кошулуп берилет. Кээде кадимкидей эле күч колдонулат.
«Жапырт кармоолор болгон. Электрошокер колдонуу менен кыйноолор болгон, электрошокерди жыныс органдарына тийгизген учурлар да кездешкен. Адамдарды сабап, кишен салып торлорго асып коюшкан. “Ласточка” деп аталган ыкма менен байлап кыйнашкан. Максат бир эле болгон – адамдарды Орусиянын армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлоо», – дейт Чупик.
Мындай маалыматтар Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашып жаткан учурда айтылууда. Бийлик эмгек ишмердүүлүгүнө коюлган тыюулардын тизмесин кеңейтип, депортациялоо практикасын күчөткөн жана өлкөгө кирүү эрежелерин дагы катаалдаткан. Бул учурда орус экономикасы дагы деле жумушчу күчкө муктаж болуп жатканы белгиленет.
Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросунун директору Денис Живага Орусия азыр коопсуз өлкө эмес экенин айтып, мүмкүнчүлүк болсо ал жакка баруудан карманууга чакырды.
«Орусия азыр коопсуз өлкө эмес. Ошондуктан мүмкүн болушунча ал жакка барбай эле койгон жакшы», – деди ал.
Орусиянын армиясында канча чет өлкөлүк кызмат өтөп жатканын так аныктоо кыйын. Анткени Москва куралдуу күчтөрдөгү чет өлкөлүктөрдүн саны тууралуу толук маалымат жарыялабайт.
Орусиялык аскерлердин туткунга өз ыктыяры менен түшүп беришине көмөктөшкөн жана орус армиясындагы чет өлкөлүк жалданмачылар тууралуу маалыматтарды чогулткан Украинанын мамлекеттик «Хочу жить» долбоору 2026-жылдын май айына карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн дээрлик 13 миң жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн билдирген.
Редакция бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастай албаганын белгилейт.
Москвага нота жана мекенине кайтаруу өтүнүчтөрү
Борбор Азия өлкөлөрү Украинадагы согуш маселесинде нейтралдуу позицияны карманууга аракет кылып, адатта өз жарандарынын Орусиянын армиясына тартылышына байланыштуу окуяларга комментарий бербей келет. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан өз жарандары орус армиясынын катарына кошулуп жатканы тууралуу алгачкы маалыматтар чыкканда чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга катышуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертишкен. Кийин согуш аймагынан кайтып келген ондогон адамдар мекенинде эркинен ажыратылган.
Ошол эле учурда Борбор Азиядан барган дагы ондогон адамдар Украинада туткунда калууда. Алардын айрымдары өз өлкөлөрүнүн бийлигинен мекенине кайтууга жардам берүүнү суранышкан.
Аймак өлкөлөрүнүн бийлиги өз жарандарынын Орусиянын армиясына кошулуп кеткени тууралуу темада дээрлик үн катпайт. Ошол эле учурда бул өлкөлөрдүн Орусиядан экономикалык жана геосаясий жактан көз карандылыгы дагы эле олуттуу бойдон калууда.
Бирок соңку убакта Орусияда жалданып калган казакстандыктардын кайрылуусуна расмий Астана реакция жасады. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 17-сентябрда өлкөнүн элчилигинин консулдук бөлүмү Мирас Тасжарганов жана анын апасы менен байланышкан. Эртеси күнү дипломаттар Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын аталган жарандарын мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен нота жөнөтүшкөн.
2-октябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарына кайрылып, согуш жүрүп жаткан аймактарга түшүп калган туугандары тууралуу маалымат берүүгө чакырган. Казакстандын жарандарына качан жана кандай жардам көрсөтүлөрү азырынча белгисиз.
7-октябрда Орусия тарапта согушуп жүргөн казакстандыктардын он чакты тууганы Астанадагы Тышкы иштер министрлигине барышкан. Министрдин орун басары Арман Исетов менен жолугушуудан кийин алар журналисттерге мамлекеттик органдардан казакстандыктарды мекенине кайтаруу иштерин тездетүүнү суранып жатканын билдиришкен.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Казак кызматы жана "Азаттык Азия" даярдаган макалалардан которулду