Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Өзбекстандык жаран Орусияда түрмөдө отурган жерден согушка тартылганын айтты

Иллюстрация максатында колдонулган сүрөт
Иллюстрация максатында колдонулган сүрөт

Өзбекстандын Самарканд облусундагы Каттакурган райондук соту 27 жаштагы жергиликтүү тургунду "жалданмачылык" жана "чет мамлекеттин тарабында куралдуу кагылыштарга катышкан" деген айып менен күнөөлүү таап, үч жыл, бир айга эркинен ажыратты. ЖМКлардын маалыматына караганда, ал Орусияда жүргөндө Украинадагы согушка тартылган.

Kun.uz басылмасы соттун документине таянып соттолгон жаран 2023-жылы Орусияга иштөө үчүн барып, кийин баңгизат сатууга айыпталып, 12 жылга кесилгенин жазды.

Ал сотто баңгизат сатууга негизсиз айыпталганын жана эки ай кыйноого кабылып, айыпты моюнуна алууга мажбур болгонун айткан.

"Таксист болуп иштечүмүн. Бир күнү машинеме Надежда деген кыз отурду. Жолдо сүйлөшүп кетип, анын телефон номурун алдым. Таанышып, байланышып жүрдүк. 2023-жылдын 13-октябрында Надежда мага чалып, аны Владивостокко жеткирип коюуну суранды. Жолдо дүкөндөн тамеки менен суу сатып алдым. Болжол менен 1-2 чакырым жүргөндөн кийин жол четине токтоп, тамеки тартканы чыктык. Ошол учурда жарандык кийимчен эки адам келип, экөөбүздү тең жерге жыгып, колубузду кайрыды. Надежданын чөнтөгүнөн 15 грамм героин табышты. Ошол эле героинди менин чөнтөгүмө салып, маңзатты менден тапкандай кылып видео тартып, документтерди толтурушту", - деп айткан ал сотто.

Мындан тышкары жаза мөөнөтүн өтөп жатканда абакка Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келип, Украинага каршы согушка катышса, орус жарандыгын берүүнү, жазадан бошотууну жана ири суммадагы акча төлөөнү убада кылганын, келишимге кол коюп, согушка жөнөтүлгөнүн билдирген.

Согушта жаракат алгандан кийин алгач Ростовдо, андан соң Санкт-Петербургда дарыланган. Эки жарым айдай дарылангандан кийин аскердик госпиталдан качып чыгып, Москвага барган. Кийин Өзбекстанга кайтып келген.

Самарканддагы сотто ал кылган ишине өкүнөрүн айтып, жеңилдик сураган.

Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоорунун маалыматына ылайык, Украинадагы согушка катышуу үчүн Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө жалданган чет өлкөлүк жарандардын арасында Өзбекстан биринчи орунда турат.

2026-жылдын жаз айларына карата долбоор Орусиянын армиясынын катарында согушуп жүргөн же буга чейин согушкан 4 853 өзбек жаранынын тек-жайын аныктаган.

Өзбекстан Украинадагы согуш маалында туткунга түшкөн жарандардын саны боюнча 33 мамлекеттин арасында да биринчи орунду ээлейт. Долбоордун тизмелерине негизделген иликтөөлөргө ылайык, Украинадагы согушта Өзбекстандын 100дөн ашуун жараны каза болгон. Арасында теги өзбек, бирок башка өлкөнүн жарандары да бар.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG