Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:10

Кумтөр иши: Тениз Бөлтүрүктүн "таарынычына" бийлик жооп береби?

Теңгиз Бөлтүрүк, Кумтөрдүн алтыны. Коллаж сүрөт.
Теңгиз Бөлтүрүк, Кумтөрдүн алтыны. Коллаж сүрөт.

мазмуну

  • Кумтөр кени Кыргызстанга өткөн соң ишкананы башкарган Тенгиз Бөлтүрүк өзүнө козголгон кылмыш иштери боюнча ачык сот өткөрүүнү сунуштады
  • Бөлтүрүктүн билдирүүлөрү Кыргызстанда талкууга түшүп, анын Кумтөрдү башкарып турган учурдагы кемчиликтерин эскерткендер болууда

Учурда Канадада жашаган Бөлтүрүк социалдык тармактар аркылуу билдирүү жасап, Кумтөрдү өлкөгө алуудагы эмгеги бааланбай калганына нааразылыгын айтты. 2022-жылы ал Кумтөрдөгү коррупция боюнча кармалып, бир жылдан 10 млн сом төлөп берип, эркиндикке чыккан. Бийлик Бөлтүрүктүн айтканына жооп бере элек.

“Кумтөр” иши боюнча 2022-жылдын сентябрь айында кармалып, бир жылдан ашык абакта отуруп, кийин миллиондогон сом зыяндын ордун толтуруп берип, жазадан кутулганы айтылган Теңгиз Бөлтүрүк социалдык тармактар аркылуу кыргыз бийлигине өз дооматтарын айтууда. Ал “Кумтөрдү” мамлекетке кайтаруудагы эмгеги бааланбай калганын билдирип, өлкө башчысы Садыр Жапаров баш болгон жетекчилерди сындады.

Бөлтүрүк өзүнө тагылган айыпка макул эместигин, ага козголгон иште келтирилген жүйө негизсиз болгонун, темир тор артына түшүп калганына таарынычы бар экенин билдирди.

“Кумтөрдү” мамлекетке кайтаруудагы эмгегин кимдир-бирөө оодарып алышына жол бербей турганын да айтты:

“Акыркы убакта Садыр Жапаров «Кумтөрдү мен кайтардым, Аскар Акаевди да өзүм чакырып, бардыгын өзүм чечтим» деген сыяктуу чындыкка коошпогон билдирүүлөрдү жасай баштаганынан улам мен бул тарыхый процессти кайрадан баштан-аяк ачыктап берүүгө мажбур болдум. Бирөө эмгек кылып, экинчиси анын мээнетин өзүнө ыйгарып алганына эч качан жол бербейм. Мага карата ушундай кадамдар жасалгандан кийин мен чындыкты айтууга милдеттүүмүн”, - деп жазды Теңгиз Бөлтүрүк.

Учурда Канадада жашап жатканын айткан "Кумтөрдүн" мурдагы башчы өзүнө козголгон иш боюнча ачык сот өткөрүүнү сунуштады. 11-августта Фейсбуктагы түз эфиринде бир катар маалыматтарды айтты.

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровду бул кызматка сунуштагандардын катарында өзү болгону тууралуу, ошол орунда мурда иштеген Улукбек Мариповду УКМКнын ал кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев кантип жемелегенине чейин айтып берди. Мындан сырткары кадр саясаты, “Кумтөрдүн” ишине бийлик адамдарынын кийлигишүүсү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Кумтөргө” байланыштуу аракеттери, тендер жана башка маселелерге да токтолду.

Бөлтүрүк социалдык тармактар аркылуу анын дарегине ар кандай жалаа жабуу болуп жатканын жүйө келтирип, бийлик "жалданма блогерлерди, фейк аккаунттарды иштеткен топторго каражат төлөйт" деп айыптады:

“2022-жылы Садыр Жапаров жана анын пресс-кызматы менин көзүмчө айтып жатышкан: «Элүүгө жакын блогерлер, интернетте ар кайсы тың адамдарды чогултуп, элүү миң сомдон берип, ошолорго жаздырып жатабыз» деп. Ошол кезде эле чечилип, айлык акылары берилип, ошондо эле блогерлер чыккан. Ошолор жанагы фейк-аккаунттарды ачкан, толгон пикирлерди ошолор жазып жатат. Балким, азыр акчалары көп, андан да көп жазып калышты. Мен ага таң калбайм. Бул командалык иш, силер туура айтып жатасыңар. Бирок бирөөгө жүк көп түшүп калат экен. Өзгөчө Кыргызстанда ошондой. Айла жок, мен ошол ишти башынан баштап таштаган жокмун, аягына чейин чыктым”.

Бөлтүрүк бул сөздөрүн ырастаган эч бир далил же документ көрсөткөн жок.

61 жаштагы Теңгиз Бөлтүрүк кесиби боюнча тоо кен адиси. Эмгек жолун Орусиядагы тоо-кен тармагында баштап, 1990-жылы Кыргызстанга которулган. Келгенде Айдаркен сымап комбинатында, Солтон-Сары кенинде эмгектенген.

1997-1998-жылдары Кумтөр комбинатын ишке киргизүүгө катышкан. 1998-жылы “XXI кылымдын кадрлары” программасы менен Германияга окууга кеткен.

“Центерра Голд” компаниясы буга чейин тараткан маалыматта Теңгиз Бөлтүрүктүн машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени айтылган. Ал Канада, АКШ, Казакстан, Австралия, Түркия, Монголия, Африка, Түштүк Америкада жана башка мамлекеттерде иштеген.

2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген.

Дал ушул кызматта иштеп жатканда Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган. 2023-жылы 21-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бөлтүрүктү күнөөлүү деп таап, 800 миң сом айып пул салган. Сот чечими менен Бөлтүрүктү үй камагына алган бөгөт чарасы жокко чыгарылып, анын банк эсептери камактан бошотулган.

Башкы прокуратура ага салынган айып жасаган кылмышынын жазасы экенин, Бөлтүрүк ага чейин келтирилген зыянды толук жапканын түшүндүргөн.

Өлкөнүн Эсеп палатасы 2023-жылы “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча жүз барактан турган отчетун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип жазылган.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Теңгиз Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 миллион 45 миң сом коротулуп, бул боюнча отчет берилген эмес.

Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулганы айтылган.

Андан бери Теңгиз Бөлтүрүк коомдук чөйрөгө чыкпай келсе, жакындан тарта соцтармактар аркылуу Канададан билдирүүлөрдү жасай баштады.


"Кумтөр Голд Компанини" эки жылдан ашык башкарып, кийин андагы коррупция үчүн соттолгон адамдын мындай билдирүүлөрү коомчулукта талкуу жаратты.

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Бөлтүрүк жеке кызыкчылыгын жана ич күптүсүн айтты деп, мунун баары ашыкча көңүл бурууга татыбайт деген пикирин ортого салды:

Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

"Кумтөр Кыргызстанга кайтарылды. Өзүбүз кожоюн болдук. Менде Бөлтүрүк мырзанын сөздөрүнөн кийин кызык сезим калды. Мага өтө кескин сүйлөп жаткандай сезилип жатат. "Кумтөрдү" Садыр Жапаров эмес, мен кайтаргамын деген сөзү жеке таарынчы деп кабыл алдым. Негизи эле "Кумтөрдүн" өлкөгө кайтканынын өзүнүн тарыхы бар. Бул Бөлтүрүк мырзага жагабы-жакпайбы, президент Садыр Жапаров мындан 20 жыл мурун эле депутат болуп турган кезинде "Кумтөрдү кайтарам" деген лозунгу болгон да. Ошол пикири үчүн ал жабыр тартып, түрмөгө олтуруп, четте качып жүрдү. "Кумтөр" маселеси Кыргызстанда Садыр Жапаровдун ысымы менен тыгыз байланышып калды. Ошондуктан бул маселени Теңгиз Бөлтүрүк буза албайт".

Ал эми саясий эксперт Эмил Жороев Бөлтүрүктүн билдирүүлөрүн көңүл сыртында калтыруу туура эмес экенин айтууда. Ал соңку сын-дооматтарга кыргыз бийлиги ынанымдуу жооп бериши керектигин белгилейт:

Эмил Жороев
Эмил Жороев

“Теңгиз Бөлтүрүк мырза айтып жаткан маалыматтар же аргументтери боюнча таптакыр эле унчукпай коюп же өзүнүн тилине жараша “жок, биз кылдык” деп алым-сабак айтышып отурган коом үчүн деле ынанымдуу болчудай эмес. Менин пикиримде, түпкүлүктүү, негиздүү, маанилүү маалыматты камтыган жооп болушу керек. Көзгө илбей, көңүл бурбай койсо коом ичинде суроолор туула берет. Анткени айтылып жаткан дооматтар жана суроолор боюнча экинчи тараптын көз карашын эл билгиси келет. Андыктан жооп бериши керек”.

Бөлтүрүктүн айткандары боюнча кыргыз бийлиги расмий жооп бере элек. Жооп алуу үчүн жасалган аракеттен майнап чыккан жок.

Президент Садыр Жапаров Теңгиз Бөлтүрүккө кылмыш иши козголгондон кийин “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде ал таза иштеп жатканына ынандырып келгенин, бул ишке сот гана чекит коёрун айткан.

Блогер Айбек Теңизбай соңку кырдаалда Бөлтүрүктүн айткан айрым билдирүүлөрүнө көңүл буруп, бийлик сабак алышы керек деп эсептейт:

Айбек Теңизбай
Айбек Теңизбай

“Биринчиден, фейк аккаунттар ишенимдүү эмес. Бүгүн бирөөгө иштесе эртең сөзсүз башкасына иштейт. Кыргыз коомчулугу деле жакшы билип калды. Фейктер менен иштешүү бийликке болгон нааразычылыкты күчөтүп жатканы баарыбызга маалым. Менин сунушум - мындан ары да ишенимдүү маалыматтык медиалар аркылуу туура маалыматты коомчулукка жеткирүү менен иш жүргүзсө жыйынтыгы жакшы болмок”.

Ошентип, бир кезде бийликтин командасында болуп, кийин сыртка чыгып кеткен утур бир адам коомчулукка билдирүүлөр менен чыгып жатат. Буга чейин ишкер Сыргак Кенжебаевдин билдирүүлөрү талкууга түшүп, ага өкмөт өкүлдөрү жооп кайтарган.

Эми болсо Теңгиз Бөлтүрүк кыргыз бийлигинин башындагы адамдардын атын атап, ачык сот өткөрүүнү талап кылып, дебатка чакырууда.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG