Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 10-августта Сыргак Кенжебаев аттуу жарандын социалдык тармактарда жарыялаган видео кайрылуусуна комментарий берди.
Орунбеков Кенжебаевдин бийлик, коррупция тууралуу айткандарын "жалган, манипуляция жана курулай доомат" катары баалап, бажы тармагынын иши мыйзамдуу экенин билдирип, видео жарыялады.
"2020-жылга чейин бажыдан ашып кетсе 20 миллиард сомдун тегерегинде акча каражаты чогулчу. Учурда мурда бир жылдап чогулткан каражатты бир айда топтоп жатабыз. 2021-жылдан тарта киреше кескин жогорулаган, быйыл 161,5 млрд сом план коюлган. Ар бир айдагы төлөмдөр пландан ашыгы менен аткарылууда. Демек, бул тармак реформа болгон, эч кандай шек саноолор дагы болушу дагы мүмкүн эмес", - деп жазды Орунбеков.
Ал Кенжебаевдин мурда соттолуп, кылмыш жообуна тартылганын айтып, "чет өлкөдө жашынып алып кыргызстандыктарга кантип жашоо керектиги тууралуу лекция окубай, алгач кылган иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө" чакырган.
7-августта Ютубда чыгып, башка соцтармактарга да таратылган видео кайрылууда Сыргак Кенжебаев бийликтин "көмүскө кеңсеси" бар экенин, аны президенттин жакындары башкарарын айткан. Ал президенттин агасы Сабыр Жапаровдун атын атаган. Ал аркылуу бийлик башындагылардын жакындары мамлекеттик маанилүү тармактарды, өзгөчө бажы жана логистикалык схемаларды көзөмөлдөп келатканын кошумчалаган. "Көмүскө кеңсе" мамлекеттик органдардын ишине кийлигишип, "өлкөнү мыйзамдар менен эмес, жеке кызыкчылыктар жана түшүнүктөр менен башкарып атканын", аткаминерлер президенттин жакындарынын буйруктарын аткарууга аргасыз болуп жатканын айткан. "Көмүскө кеңсени" таратууну талап кылган.
Ал өзүнүн билдирүүсүнө кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес. Президенттин айрым жакындары менен чогуу түшкөн сүрөт, видео көрсөткөн. "Көмүскө кеңсенин" ишмердүүлүгү, логистика жана бажыга байланышкан документтерди, мыйзамсыз схемаларды, сүрөт жана видео далилдерди кийинки чыгарылыштарда ашкерелей турганын билдирген.
Сыргак Кенжебаев 44 жашта, ишкер. Ал 2018-жылы Инвестиция тартуу агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштегени, ага чейин "Юнилаб" деп аталган логистикалык компанияны жетектегени ачык булактарда көрсөтүлгөн.
2019-жылы декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аны "алдамчылык" беренеси менен айыптап, Алматынын аэропортунан кармалган. УКМК Кенжебаев ал кезде "ири өлчөмдөгү алдамчылык" боюнча шек саналып жатканын, ага каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып, бербей жатканын айтып арызданганын кабарлаган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кенжебаев дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү экенин билдирген.
Анын камакка алынышы ошол учурда жубайы, мурдагы депутат Ширин Айтматова негиздеген "Үмүт 2020" кыймылынын коррупцияга каршы билдирүүлөрү, бийликти жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сындап жаткан маалына туш келип, түрдүү талкууларды жараткан.
2020-жылдын 6-октябрына караган түнү бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда жоон топ саясатчылар менен кошо Кенжебаев да тергөө абагынан чыккан. Ошол эле жылы 12-октябрда соттун чечими менен кайра абакка кайтарылган.
Соңку кездери Кенжебаев социалдык тармактарда коомдук-саясий темаларда өз пикирин жана видеолорду байма-бай жарыялап жүрөт.
Шерине