Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги быйыл 1-сентябрдан тарта Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн чет өлкөлүк жарандарга миграциялык каттоого туруу үчүн “Амина” мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө орнотуу зарылдыгын эскертти.
Бул тиркемени 18 жашка чейинкилер менен катар бул аймакта окуган студенттер, эмгек мигранттары жана үй-бүлө мүчөлөрү жана 90 күндөн ашык конокко барчулардын баары телефондоруна көчүрүүгө милдеттүү болот.
Орус бийлиги мигранттарды каттоо, көзөмөлдөө үчүн “Амина” мобилдик тиркемесин киргизген.
Тиркеме Москва шаары жана Москва облусунда чет өлкөлүк жарандардын жашаган жерин санарип форматта көзөмөлдөөдө колдонулуп, аны иштете албаган айрым мигранттар өлкөдөн чыгарылып жатканы айтылган.
Шерине