Тиркеме кандай иштейт жана кыргызстандыктар эмнелерди эске алышы керек?
“3 күн мурда арыз жазыш керек”
Орусия мигранттарды көзөмөлдөгөн дагы бир тиркемени ишке киргизгени жатат.
Мындан ары бул өлкөгө кирүүнү каалаган чет өлкөлүк жаран тиркеме аркылуу арыз жазып калтырууга тийиш болот.
RuID тиркемеси 30-июндан тарта иштегени турат, ага ылайык, Орусияга кирүүдөн мурда чет элдиктер кеминде 72 саат мурда тиркемени толтурууга милдеттүү.
Бир гана жакыны катуу ооруп же каза болуп калган учурда Орусияга кирерден төрт саат мурун арыз жазууга уруксат берилет.
Орус бийлиги санарип платформа мигранттар, өлкөгө келген чет элдиктер тууралуу маалыматтарды бир базага топтоо үчүн түзүлгөнүн билдирүүдө.
Бул система миграциялык кызматтарды жеңилдетип, документ иштерин ылдамдатат деп түшүндүрдү.
Колдонуучулар паспорт маалыматтарын, сүрөтүн жана башка жеке маалыматтарын алдын ала каттай алышат. Орусияга кирерден мурун маалымат толтуруудан тышкары, RuID тиркемесинин дагы башка функциялары бар:
- Биометрикалык маалыматтарды каттоо;
- Миграциялык статус тууралуу маалымат алуу;
- Айрым документтерди санарип форматта сактоо;
- Мамлекеттик кызматтарга жетүү.
Улам катаалдаган эрежелер, мигранттар көйгөйү
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов Бишкектеги маалымат жыйынында билдиргендей, учурда Орусияда 502 миң кыргызстандык жүрөт жана алардын 268 миңи миграциялык каттоого турган. Мындан тышкары 1 миң 126 кыргыз жараны соттолгон, 91 миң 566 кишиге Орусияга кирүүгө тыюу салынган.
“2026-жылдын 30-июнунан тартып Орусия Федерациясына визасыз тартипте эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же билим алуу максатында кирген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик чек арадан өтүү пландаштырылган убакытка чейин кеминде 72 саат мурда RuID мамлекеттик кызматтар порталынын мобилдик тиркемесинде каттоодон өтүп, тиешелүү арыз тапшырууга милдеттүү. Документтер менен тастыкталган шашылыш дарылануу, оор дарт же жакын тууганынын каза болушу сыяктуу өзгөчө жагдайларда арызды пландалган кирүү убактысына чейин 4 сааттан кечиктирбей тапшырууга болот”, - деди ал.
ТИМ Орусиядагы кыргызстандык мигранттар үчүн даярдалган RuID тиркемеси аркылуу Орусияда жүргөн жарандар кирүү-чыгуу билдирмелерин берип турушу керектигин эскертүүдө. Мекеме жарандар бул платформа аркылуу Орусияга кирүүгө уруксаты бар же жогун биле аларын айтып жатат.
Орусия акыркы жылдары миграциялык мыйзамдарын катаалдатып келет.
2021-жылдан бери Мамдума мигранттарга каршы маанайдагы 73 мыйзам долбоорун караганын "ДумаБинго" долбоору санап чыккан. Анын 38и 2024-жылы "Крокустагы" теракттан кийин каралган.
Буга чейин орус бийлиги мигранттарды каттоо, көзөмөлдөө үчүн “Амина” мобилдик тиркемесин киргизген. Ал Москва шаары жана Москва облусунда чет өлкөлүк жарандардын жашаган жерин санарип форматта көзөмөлдөөдө колдонулуп, аны иштете албаган айрым мигранттар өлкөдөн чыгарылып жатканы айтылган.
Шерине