“Интернетке кире албай жатабыз”
Керимбек Таштанов Орусиянын баш калаасында таксист болуп иштейт. Анын айтымында, интернет өзгөчө Москванын борбордук бөлүгүндө улам өчүп турат.
"Алты жылдан бери такси айдайм. Москванын так борборунда интернет жоголот. Так графиги жок, эки саат жоголуп, кайра пайда болот. Өткөндө 10 күндөй интернет такыр жок болду", - дейт ал.
Соңку убакта орус бийлиги өлкө боюнча интернетти өчүрө баштады. Банктар, мобилдик операторлор, мамлекеттик кызматтар кээде сааттап иштебей калууда. Масштабдуу өчүрүүлөрдөн интернет менен түз байланышып иштеген мигранттар кыйынчылыкка кабылды.
"Өткөндө Москванын борборунда интернет жакшы иштебей калды. Навигатор менен иштегендер кыйналды", - дейт Москвадагы активист Толкунбай Аматов.
Орусиядагы кыргызстандык ишкер Келдибек Маратбеков буларды билдирди:
"Орусиянын борборунда интернет тартпайт. Атайын мамыларды коюп койгон. "Столба двойного назначения" деп коёт. Интернет жакшы иштеши үчүн деп мактап жазып койгон. Бирок андай эмес".
Орусиянын башка аймактарында интернет соңку бир жылдан бери эле начар иштеп жатканын айрым мигранттар айтып беришти. Маселен, Түмөндөгү кыргызстандык жаран Азирет шаарда интернет чектелип жатканына бир жылдан ашканын айтып берди.
"Мунайды кайра иштетүүчү завод, ЖЭБ бар. Украинага 3 километр жакынбыз. Шаарда интернет дээрлик жок. Буга бир жылдан ашты".
Мигранттар белгилегендей, учурда Орусияда кабелдик интернет менен вай-фай роутер үзүл-кесил иштеп жатат. Көйгөй көбүрөөк мобилдик интернетте байкалууда.
VPN менен байланышып жатканын, мобилдик интернет көчөдө иштебей жатканын Азирет аттуу жаран кошумчалады.
Былтыр жыл соңунда Орусиянын президенти коопсуздук чараларынан улам мобилдик интернет өчүрүлүп жатканын билдирген.
Интернеттин улам үзгүлтүккө учурашы мигранттар колдонгон “Амина”сыяктуу тиркемелердин иштен чыгышына алып келет. Мындан улам, эмгек мигранттары тиркемелерди калыбына келтирүүгө муктаж болуп жатканын айта башташты.
Ошентип ансыз да антимигранттык мыйзам, демилгелерден жабыгып турган эмгек мигранттарда түйшүк көбөйдү. Мигранттар үчүн маанилүү тиркемелер иштебей, көзөмөл реестрине түшүү коркунучу пайда болду.
"Карталар бөгөттөлүүдө"
"Интернет өчүп калып жатпайбы. Геолокация иштебей калат да. Мындайда “Амина” тиркемеси үзгүлтүккө учурап жатат. Күч түзүмдөрү кармаса, “Аминаны” көрсөт дейт. Ал болсо иштебей, маалыматтар өчүп кеткен. Полицияга укук берип койгон, алар бир-эки себепти айтып, сотсуз, тергөөсүз өлкөдөн чыгарганга укугу бар. Ошентип көбү депортация болуп жатат. Интернетти өчүрүп жатса, ал мигранттын эмес, ошол мамлекеттин күнөөсү да", - деди Келдибек Маратбеков.
Ал өзү Орусия менен Кыргызстандын ортосунда каттап эмгектенген ишкер. Анын айтымында, реестрге түшкөн мигранттар полициянын мыйзамсыз чечимин сотто далилдеп, утканы менен 50 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттүү болот.
"Жеке юридикалык компаниялар бар да. Статистиканы карасак, бир эле компания 50 чечимди жокко чыгарыптыр. Сот аркылуу аны утканыбыз менен 50 миң рубль айып пул төлөтөт. 50 киши 50 миң рублден 2,5 млн рубль болуп жатпайбы. Ошондуктан карталарды жасалма жол менен бөгөттөп, мигранттардын акчасы Орусиядан чыкпасын деп аракет кылып жатышат".
Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы чет өлкөлүктөргө салынган айып пулдан Кремлдин казынасына 5,7 млрд рубль түшкөн. 2024-жылы бул каражат 3,4 млрд рублди түзгөн. Башкача айтканда, өткөн жылы орус полициясынын мигранттарга салынган айып пулу дээрлик 50% өскөн.
Орусиянын Ички иштер министрлиги буга:
- Рейддерди көбөйткөнүн;
- Мигранттарга жазаны күчөткөнүн;
- Полицияга мыйзам бузган мигрантты жазалоо укугу берилгендигин себеп катары көрсөтөт.
Орус полициясынын Көзөмөл реестри былтыр февралдан тарта иштей баштаган. Ага миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүктөр киргизилет. Реестрге кирген мигрантка машине айдоого, никеге турууга, мүлкүн каттоого, банктан эсеп ачууга жана алдын ала эскертпей туруп, жашаган жерин алмаштырууга тыюу салынат. Андай мигрантты өлкөдөн чыгаруу тобокелдиги жогорулайт.
"Эң чоң көйгөй - реестр. Ага полицияга жакпай калсаң деле түшөсүң. Ката болуп деле түшүп каласың. Ага түшөрүң менен картаң бөгөттөлүп калат. Ошондуктан мигранттар нак акча кармаганга аракет кылып калдык. Бир нерсе болсо эле реестрге түшөсүң, батир акысын төлөй албайсың. Эң чоң көйгөй: реестрге түшкөндө жашы жете элек балдар да ата-энеси түшкөн үчүн түшүп жатат. Балдар мыйзам бузган жок да", - деп кошумчалады Келдибек Маратбеков.
91 миң кыргызстандык реестрде
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын соңуна карата Орусиянын көзөмөл реестрине 128 миң кыргызстандык түшкөн. Анын 30 миңин жаш балдар түзөт. Алардын айрымдары реестрден чыкканы айтылганы менен дагы 91 миң кыргыз жараны Орусиянын “кара тизмесинде” турат. Жалпысынан Орусияда 376 миң 907 кыргызстандык мигрант расмий каттоого алынган.
Буга чейин көзөмөл реестрине документтери туура, мыйзамдуу иштеген мигранттар да түшүп жатканы кыргыз парламентинде көтөрүлгөн. Анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөнүн жарандарына жеңилдиктер каралышы керектиги кайрадан айтылган.
Иш жүзүндө Орусиядагы мигранттар көйгөйлөрү менен өздөрү жалгыз күрөшүп келет. Орусия Украинанын аймагына басып кирип согуш баштаганы мигранттарды текшерген рейддер күчөгөн. Мамлекеттик органдар рейд учурундагы видеолорду утур-утур жарыялап келет.
"Мурда рейддер качан болору алдын ала айтылчу. Азыр дээрлик ар күнү рейд. Мен таксиде болгонум үчүн көп түшө бербейм. Анда-санда жолдон тосуп, документ сурап калат. Метродо жүргөндөрдү ар күнү текшерип, алып кетип", - дейт Керимбек Таштанбеков аттуу мигрант.
Москвадагы кыргызстандык активист Толкунбай Аматов рейддер тууралуу айтып берди.
"Өткөндө Волгоград метросунда рейд болду. Бирден текшерүү жок, кой айдагандай эле уруп, жерге жаткырып, анан документ сурайт. Мисалы, мени да бир-эки жыл мурда орозодо ооз ачарда отурсак келишти. Баарыбызды жерге жаткырып, кээ бир балдарды союл менен төпөштөп туруп, камап. Милицияга алып барып текшерди. Мени менен чогуу отурган балдардын баарынын орус жарандыгы бар эле. Аларды да алып барып, кечки 8де кирсек, түнкү 12де чыгарышты да".
Айрым диаспоралар рейддер баштала турганын алдын ала эскертүүгө аракеттенип, бул көрүнүш 2030-жылга чейин созуларын божомолдоп жатышат.
Орусиянын мыйзам чыгаруу органынын ишин анализдеген "ДумаБинго" сайты Мамдума 2021-жылдан бери антимигранттык маанайдагы 73 мыйзам долбоорун караганын маалымдаган. Анын ичинен 38 демилге 2024-жылдагы "Крокус Ситидеги" окуядан кийин көтөрүлүп, ал терракттан улам Орусияда мигранттарга көзөмөл жана ксенофобиялык маанай күчөгөн.
Шерине