Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Тенгиз Бөлтүрүк миллиондорду төгүп абактан чыктыбы?


Коллаж.
Коллаж.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берип, үй камагына чыкты.

Башкы прокуратура коррупцияга айыпталган Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагына чыгарылганы боюнча маалымат таратып, ал жана башка шектүүлөр мамлекетке келтирген 1 млрд. 146 млн. 449 миң 161 сом зыяндын 844 млн. 512 миң 858 сомун төлөп бергенин кабарлады. Көзөмөл орган Тенгиз Бөлтүрүк канча сумма төлөгөнүн тактаган жок.

30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту Бөлтүрүктү прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарган. Анын жакындары комментарий берүүдөн баш тартышты.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жалпы жыйынында “Кумтөр” ишканасындагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө учкай маалымат берген. Анда мамлекеттик казынага келтирилген 1 млрд. 146 млн. сом зыяндын 80% өндүрүлгөнүн айткан болчу.

“Кумтөргө” байланыштуу Эсеп палатасы текшерген, аны менен бирге Башкы прокуратуранын тергөө тобу дагы текшерди. Төрт кылмыш иши козголуп, 1 млрд. 146 млн. 449 миң сом зыян келтирилген. Бүгүнкү күндө аталган зыяндын 830 млн. сому өндүрүлдү. Камактагы төрт кызматкердин экөө үй камагында. Ал эми Тенгиз Бөлтүрүктү кайрадан суракка чакырды. Ал башынан бери сурак берүүдөн баш тарткан”, - деген Зулушев ким канча төгүп, үй камагына чыкканын тактаган эмес.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк кармалган күндөн баштап эле коюлган айыптарды мойнуна алган эмес. Ал акыркы жолу февралда жактоочусу Кайсын Абакиров аркылуу кайрылуу таратып, өкмөттө кимдир бирөөгө "тоскоолдук болуп жатса, Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин" айткан.

Катында Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго кайрылып, “Кумтөрдөгү” уюштурулган коррупциялык схемаларды жоюуга алы жетпегенин моюнуна алып, бирок ага аралашпаганын" билдирген.

Андан кийин март айында Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева бир жума ачкачылык кармап, күйөөсүнүн күнөөсү жок экенин, үй камагына чыгарып, дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү бийликтен суранган болчу. Буга чейин бир нече жолу Бөлтүрүктү үй камагына чыгаруу өтүнүчү сотто канаттандырылган эмес.

Президент Садыр Жапаров 14-мартта мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Тенгиз Бөлтүрүк жөнүндө суроого жооп берип жатып, камалгандар зыянды төлөп бергенден кийин бошотуларын кыйыткан.

“Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун. “Бир топ сумма кайтарылды”,- деп бир апта мурда башкы прокурор айтып атты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо менен сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек? Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок”, - деген болчу.

“Кумтөрдөгү” коррупция боюнча кармалгандар

Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү, “Кумтөрдүн” ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган.

Ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган. Кармалгандардын экөө буга чейин үй камагына чыкканы белгилүү.

Расмий маалымат боюнча “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу төрт кылмыш иши козголуп, тогуз киши шектүү катары өтүп жатат. Шектүүлөрдүн дагы биринин аты Руслан Енгалычев экени белгилүү болгон. Бирок калгандары жөнүндө маалымат берилбей келет.

“Кумтөр ишине” байкоо салып жаткан активист Нарис Калчаев буларга токтолду:

“Бир эпизод боюнча так маалымат билем. Саруулук тааныш бала камалып кеткен. Ал 300 миң доллар төлөп берди. Калган чыгымдарды ошол жерге ар кандай кызмат көрсөткөн фирмалар төлөп берип жатат деген маалыматтар бар. Алар туура эмес иштешкен экен дешет. Тенгиз Бөлтүрүк келтирген зыян эсептелип, жарыяланган. Эми ошолорду мойнуна коюп бериши керек эле да. Бизде бир санды айтып туруп эле, "анын мынчасын төлөдү" деп койду. Ким, канча, кандай жегени үчүн төлөп жатканы ачык айтылышы керек. Мына, Токмоктун мэрин камап туруп, төлөдү деп чыгарды. Соттун чечими жок акча төлөө - мыйзасыз. Тергөө кандай жүрүп жатат? Бизде коррупция менен кармалгандар кызык жагдайда бошотулат”, - деди Калчаев.

"Кустуруу” жараяны​

Акыркы үч жылдан бери миллиондогон жемкорлукка айыпталган жогорку кызмат адамдарынын дээрлик көпчүлүгү казынага кандайдыр бир өлчөмдө акча төгүп абактан чыгышат. Бул коомчулукта “кустурация” деген ат менен белгилүү.

Ушул күндөрү коррупцияга шек саналып кармалган Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагына чыкты. Айрым маалымат каражаттары күч органдарындагы жеке булактарына таянып, "Самаев күнөөсүн моюнуна алганын, 25 миллион сом төлөп, иштен кетүү тууралуу арыз жазып бергенин" кабарлашты.

Саясат талдоочу Турат Акимов коррупция боюнча кылмыш иштеринде зыяндын өлчөмү кандай эсептелип жатканы белгисиз болгондуктан, казынага акча төгүп абактан чыгууну бийлик менен саясий соодалашуу деп сындайт.

“Каалагынын бошотушат, каалаганын камашат. Эч кандай ачык-айкындык жок. Саясасий кырдаалды дагы карашат. Өздөрүнүн кызыкчылыгына пайда болсо бошотушат. Тергөө материалдарын ачык айтышпайт. Элдин алдында күнөөсүн мойнуна коюш керекда. Ошентип азыр бирин камап, бирин бошотуп жүрө беришет”, - деди Акимов.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин тушунда мурунку жана азыркы бир топ жетекчилер ар кандай кылмыштарга шектелип кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп абактан чыгып жатышат. Коомчулукта муну “кустуруу” жараяны деп аташып, сындагандар да, колдогондор да бар.

Коомдук ишмер Мурат Жетмишбаев бийликтин бул саясатын колдогондордун бири.

"30 жылдан бери коррупцияга белчебизден батыптырбыз. Баары эле жейт экен. Мен ишенген Тенгиз Бөлтүрүк, министр Алмаз Бейшеналиев кармалганда шок болдум. Эми жок дегенден акчасын алып, чыгарып жатышат. Соттошуп жүрө берсе, 2-3 жылда чыгып кетет. Мен бийликтин "кустуруп" жатканын колдойм. Эми бул өткөөл учурдагы айласыз иш. Кийин таптакыр коррупцияга бөгөт коюлган система түзүлөт", - деди ал.

Февраль айынын башында Эсеп палатасы “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз короткону аныкталган баяндама жарыялаган.

Эсеп палатасынын жүз барактан турган отчетунда кызматкерлердин эс алуусунан баштап, кайрымдуулукка коротулган, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип, тыйынына чейин жазылган. Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмеректерге кеткен. Маселен, кеңсе эмеректерин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн жалпы 179 млн. 700 миң сом коротулган.

Ошондой эле Тенгиз Бөлтүрүк башында турган, мамлекеттик бюджеттен дээрлик 3,5 миллиард сом бөлүнгөн "Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги бир жыл өтпөй жабылган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Өлкөдөгү ири алтын кенин мамлекетке алууда Тенгиз Бөлтүрүк чечүүчү ролду ойногон адамдардын бири. Анда Канаданын да жарандыгы бар.

2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган эле.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG