Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Кутманова кызматтан алынганына Акылбек Жапаровду айыптады


Акылбек Жапаров, Динара Кутманова, Тенгиз Бөлтүрүк
Акылбек Жапаров, Динара Кутманова, Тенгиз Бөлтүрүк

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кызматтан алынды. Экс-министр "коррупция менен күрөшүп жатканым кимдир бирөөгө жакпай калды" деп комментарийледи.

"Президент кепилдик берген"

Кыргыз өкмөтүнүн курамындагы талкууга түшкөн министрлердин бири Динара Кутманованын кызматтан алынганынын себеби айтылган жок. Экс-министр "Азаттыкка" комментарий берип, иштен кеткенин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун аракети менен байланыштырды:

"Президент коррупцияны тазалаңыз деген тапшырма менен койгон. Бул жактагы мыйзамсыз иштер көп экенин 2010-жылдары көргөм. "Ал жакта каршылык көп болот, мага кепилдик бересизби" десем, "Берем" деген. Мен иштеп жаттым. Бул эч кимге жакпасы түшүнүктүү. Эми ал жакта 30 жылдан бери башаламандык болгон. Мамлекеттик кызматтын этикасына байланыштуу эч нерсе чыгарган жокмун. Акыркы үч айда айта баштадым. Анткени премьер-министр (ред: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров) шефке (ред: президент Жапаров) кирип жамандап, негизсиз дооматтарды коюп, министрликке төмөн баа койгон. "Жумушчулар нааразы, текшериш керек" деп сунуш киргизген. Албетте, коррупциялык схемаларга көнгөндөр нааразы болушат. Айрымдары кызматтан кетип, кээ бирине иш ачылган. Акылбек (ред: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров) 3-4 жолу кызматтан алууга аракет кылды. Улам-улам текшерүү жиберди. Менин позициям - негизсиз, мыйзамсыз чечимдерди аткарбайм".

Кутманова өлкөдө кенге байланыштуу лицензия берүүдө коррупция тамыр жайганын, анын баарын текшерүүдө кызыкдар тараптардын каршылыгына туш болгонун да айтууда.

"Биринчи күнү Садыр Нургожоевичке кирип чыккам. "Сизге бюрократия көп деген доомат болуп жатат" деди. "Коррупциябы" десем, "жок, көп кагаздарды сурап, талап кыла берет экенсиз" деди. Мен ишти айтып бердим. Жети миң лицензия берилиптир, анын ичинен 4800ү жокко чыгарылыптыр. Архивге тапшырылганы 1900 иш, 2900ү ар кайсы жерде калган. 30 жылда башаламан болуп кеткен. Мен иретке келтирип баштагам. Ошол жакпай, мен ыңгайсыз болуп калдым", - деди Кутманова.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кутманова айткан дооматтарга жооп бере элек. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы такталгандан кийин маалымат берилерин билдирди.

14-мартта Кутманова Жогорку Кеңештин тармактык комиссиясында кен байлыктарга берилген лицензиялар жөнүндө отчет берген. Ал министрликтеги башаламандыктарды иреттеп, коррупциялык схемаларга бөгөт коюп жатканын белгилеп, “тарыхта каларын” айткан. Бул тармакты башаламан кылууга кызыкдар тараптар бар экенин кыйыткан.

Отуз жыл оюлган Кумтөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

Кутмановага сын, Бөлтүрүктөн алган "белек"

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы абанын булганышына байланыштуу Кутманованын дарегине көп сын айтылган. 2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда мекемеге "төмөн" деген баа берилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев Кутманованын ишин такай сындап келген депутаттардын бири. Эл өкүлү сессиялардын биринде анын кесипкөйлүгүнөн шек санап, кызматтан өз арызы менен кетүүнү сунуш кылган.

“Сизде тоо-кен жөнүндө такыр маалымат жок экен. Өзүңүздү, элди кыйнабай арыз жазбайсызбы. Азыр сиз баяндама жасадыңыз. Сизге текшерүү жөнүндө эч кандай тапшырма берилген эмес”, - деген ал.

Токторбаев комитет жыйындарынын дагы биринде министрликте Кутманованы "ханыша болуп алды" деген сөздөр бар экенин айткан.

Бир ай мурун Эсеп палатасы “Кумтөр Голд” ишканасынын Тенгиз Бөлтүрүк башкарып турган учурдагы ишмердүүлүгүн текшерген аудиттин жыйынтыгын чыгарып, анын отчетунда Экология министрлигине жол тандабас белекке берилгени айтылган. Кутманова ал машине жеке өзүнө эмес, министрлике берилген деген жооп кайтарды.

Садыр Жапаровдун Кумтөр боюнча "экологу"

Динара Кутманова – Минстрлер кабинетиндеги эки аял министрдин бири эле. Ал 1998-жылдардан бери экология тармагында ар кандай кызматтарда иштеп келген. 2012-жылдары “Кумтөр Голд Компаниге” коюлган 261 млрд. сомдук доону Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын экологу катары эсептеп чыкканы менен белгилүү. Дал ушул учурда Жапаровдун ишенимине киргени айтылып жүрөт. 2021-жылы “Кумтөр Голд Компаниге” каршы сотко арызданган жарандык активисттердин арасында анын уулу Кемелбек Кутманов дагы болгон.

Кутманова “Кумтөрдү” Кыргызстанга алуу ишине башында аралашып, тышкы башкаруучу болуп келген Тенгиз Бөлүтүрүктү мыкты адис катары сыпаттаганы бар.

Кутманованын ордуна Тургунбаев келди

15-мартта президенттин администрациясы Кутманованын ордуна мурда-кийин коомчулукка белгисиз Мелис Тургунбаевди министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын жарыялады. Аны жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырып, жаратылыш ресурстарын изилдөө, пайдалануу, кайра өндүрүү жана коргоо жаатында мамлекеттик саясатты жана укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуу боюнча тапшырма бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Тургунбаевди бир нече чет тилди билген адис катары сыпаттап, экономика илимдеринин доктору жана корпоративдик башкарууда чоң тажрыйбасы бар экенин белгилеген.

31 жаштагы Мелис Тургунбаев жөнүндө интернетте маалымат аз. Ачык маалыматка таянсак, Орусиянын "Газпром" компаниясында эмгектенген. 2015-жылы "Жалал-Абад газ” ишканасын башкарса, 2017-2020-жылдары "Кыргызнефтегазда” жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Борбор Азиядагы Америка университетин аяктаган. Англисче, түркчө эркин сүйлөйт. 2019-жылы экономика илимдеринин доктору болгон.

Тургунбаевдин талапкерлиги эми Жогорку Кеңешке сунушталат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG