Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Улуттук банктагы 46 тонна алтындын чоо-жайы


Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы акыркы эки жылда 46,7 тонна алтын топтоду. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бул алтынды сатып тышкы карыздан кутулуп койсо да болорун айтып, кыргыз бийлиги ал максатка ылайык эмес экенин билдирген.

Улуттук банк топтогон алтын

Улуттук банк карамагындагы алтындын көлөмү боюнча түшүндүрмө берди. 28-февралда мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Улуттук банкта ушул тапта 46, 7 тонна алтын бар экенин айтты. Анын сөзү боюнча, өлкөнүн негизги банкы аны 2021-2023-жылдар аралыгында Кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды сатып алуу менен чогулткан.

“Мыйзамга ылайык, Улуттук банктын Кыргызстанда өндүрүлгөн бардык алтынды сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан Улуттук банк запастагы алтындын көлөмүн көбөйтүү саясатын жүргүзүп келген жана сатып алынган алтын Улуттук банкка тиешелүү”.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев журналисттерге комментарий берип жатып, бийлик кааласа Кыргызстандын Кытайга болгон 1 млрд. 800 млн. долларга жакын карызын Улуттук банктагы алтынды сатып төлөп коёрун айткан.

Депутаттын сөзү “Улуттук банкта канча алтын бар жана аны тышкы карызды төлөөгө, өкмөттүн чарбалык иштерине жумшоого болобу?” деген суроолорду пайда кылды.

Улуттук банктын өкүлдөрүнүн басма сөз жыйыны. 2023-жылдын 28-февралы.
Улуттук банктын өкүлдөрүнүн басма сөз жыйыны. 2023-жылдын 28-февралы.

25-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине маек куруп, Улуттук банкта эки жылда 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш топтолгонун айткан. Ал мамлекет тышкы карызды азыр төлөп койсо да болорун, бирок келишим боюнча мөөнөтүнөн эрте төккөндө үстөгү көбөйүп кетерин түшүндүргөн. Өкмөт башчы бул тууралуу Баткендеги иш сарында да сөз кылды.

“Мурунку президенттер менен 30 премьер-министр 30 жылда болгону 19 тонна алтын чогулткан. Биз эки жылдын ичинде 45 тоннадан ашык алтын чогулттук. Депутаттык комиссия Улуттук банкка барганда ушунча көлөмдө алтын турган. “Кумтөрдөн” былтыр 17,2 тонна алтын, 2021-жылы 10 тонна алтын алганбыз. 27 тонна алтынды “Кумтөрдөн” андан тышкары, Кыргызстандан чыгып аткан башка да алтынды сатып алганга мүмкүнчүлүк таптык”.

16 тонна алтын валюта резервине тиешелүү

Сөз болуп жаткан 46,7 тонна алтындын 16 тоннасы Улуттук банктын эл аралык валюта резервине тиешелүү. Бул 87,3 млрд. сомго барабар. Валюта резервинде чет өлкөлүк валюталарды, баалуу кагаздарды кошуп эсептегенде 2,6 млрд. доллар бар.

Өлкөнүн негизги банкы бул каражатты көбүнчө Кыргызстанда доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде интервенция жасоого колдонуп, доллар сатып же сатып алат. Улуттук банк жыл башынан бери төрт интервенция кылып 227 млн. доллар сатты.

Аида Карабаева тышкы карызды төлөө иши менен Финансы министрлиги алектенерин, зарылчылык болсо Улуттук банк министрликке, өкмөткө каражат берерин билдирди.

“Алтын тууралуу ачык маалымат берилиши керек”

“Кумтөр” ишканасынын ишмердигин иликтеп жаткан депутаттык комиссия январь айынын аягында Улуттук банкка барып сакталып турган алтынды көрүшкөнү айтылган. Аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев топтолгон алтын тууралуу мындай деди:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Буга чейин 19 тонна алтындын сатылышы талкуу болбоду беле. Ал Сооронбай Жээнбековдун убагында топтолгон алтын болчу. Аны азыркы бийлик 2021-жылдын февраль-май айларында саткан. Эми 45 тонна алтын жыйнадык деп бизге көрсөтүштү. Мен таразага тарткан жокмун бирок көрсөтүштү. Аны эми эмне кылыш керек ал башка маселе. Аны Улуттук банк, өкмөт чечет”.

Алтынга байланыштуу маселе Кыргызстан Кумтөр алын кенин мамлекетке алгандан кийин күн тартибине чыккан. Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу “Кумтөрдүн” мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө, ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган. Ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда колго түштү. Бул окуялардан киийн депутаттык комиссия түзүлгөн.

“Алтын топтогон туура. Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты жетектеп турганда эле жылына 3-4 тоннадан алтын сатып алып турчу. Алтындын баасы салыштырмалуу туруктуу. Бирок анын көлөмү боюнча элге так маалымат берилип турушу керек. Мисалы, Токтогул суу сактагычында канча суу бар экени онлайн көрүнүп тургандай эле эл алтындын да көлөмүн көрүп турса жакшы болмок. Элди ачык-айкындуулук жагы кабатыр кылууда”, - деди экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG