Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Кумтөр: уу калдыктан алтын алуу планы


Кумтөр алтын кени. 2021-жыл.
Кумтөр алтын кени. 2021-жыл.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2026-жылдан баштап кендеги калдык сактоочу жайды иштетип, жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алууну пландап жатат. Компания муну менен киреше гана таппастан уулуу калдыкты зыянсыздандырса болорун билдирүүдө.

Жакында эле “Кумтөрдү” буга чейин башкарган Тенгиз Бөлтүрүк абактан кайрылуу кылып, 2025-жылы кендеги калдык сактоочу жай толуп калышы мүмкүн экенин жарыялаган. Ишкана анын билдирүүсүн четке каккан.

Президент Садыр Жапаров 7-февралда “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 2022-жылдагы ишинин отчёту жана алдыдагы пландары боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, кеңешмеде “Кумтөр Голд Компанинин” жетекчиси Алмаз Барыктабасов былтыр Кумтөр кенинен 17,3 тонна алтын өндүрүлгөнүн айткан. Ишкана мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

“Кумтөр Голд Компани” 2026-жылдан тартып кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) уулуу калдыктарды кайра иштетүүнү пландап жатат. Ал жарым кургак зыянсыз аралашма болуп иштетилери кабарланды. Муну менен калдык сактоочу жайдан 2040-жылга чейин жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынып, жалпы 3,5 млрд. доллар киреше түшөт деп эсептелген.

Кеңешмеде Садыр Жапаров компаниянын “ачык-айкын ишмердүүлүгүн камсыздоого, айрыкча жабдууларды жана башка керектүү буюмдарды сатып алуу сыяктуу тармактарда коррупцияны болтурбоого өзгөчө көңүл бурганы” айтылат.

“Кумтөр Голд Компанинин” ишин иликтеген депутаттык комиссия январь айынын аягында Кумтөр кенине барып келген. Комиссиянын мүчөсү, депутат Балбак Түлөбаев калдыктарды сактоочу жайдагы алтынды иштетүү тууралуу мындай деди:

“Калдыктарды сактоочу жайдагы алтынды иштетсе болот. Анын технологиясын иликтеп чыгыш керек. Ал жердеги 100 тоннадан ашык алтынды экономиканын пайдасына иштетсе болот. Азыр техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап, долбоорун жазып жатышыптыр. Кайсы технологияны колдонсо арзан анан тез алтын алынат деп карап атышкан экен. Ал эми кен өзү толук иштөөдө. Алтын “Кыргызалтындын” аффинаждык заводуна алынып келип андан чыккан алтын Улуттук банкта сакталып турат”.

Кумтөр алтын кени. 2023-жылдын январь айы.
Кумтөр алтын кени. 2023-жылдын январь айы.

Кумтөрдөгү калдыктарды сактоочу жайды иштетип алтын алуу тууралуу буга чейин эле сөз болуп, бул кендин “өмүрүн дагы узартары” айтылып келаткан.

23-январда “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин коррупцияга шек саналып абакта жаткан башчысы Тенгиз Бөлтүрүк кендин ишмердиги тууралуу бийликке кайрылуу жасап, калдык сактоочу жай боюнча да сөз кылган. Анын адвокаты Кайсын Абакиров чыгарган катта төмөнкүлөр жазылган:

“Эгерде Кумтөрдү өнүктүрүүнүн кылдат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну баштабаса, анда 2025-жылы Кумтөр калдык сактоочу жайлардын толуп калышынан улам ишти токтотууга аргасыз болот, ал эми 7 жылдан кийин алтындын иш жүзүндө тастыкталган запастары аяктайт. Мындай жагдайлар өлкө жетекчилигинин беделине олуттуу залакасын тийгизет. Анткени президенттин аракети менен Кумтөрдү Кыргызстан элинин менчигине кайтарып алууга мүмкүн болду”, - деп айтылат катта.

“Кумтөр Голд Компани” Тенгиз Бөлтүрүктүн катына дароо жооп берип, Бөлтүрүк ишкананы бир жылдан ашык башкарганын, бирок реалдуу иштер жасалбай бир катар кемчиликтерди кетиргенин билдирген. Адистердин эсебине таянып карьерден 135 тоннадан ашык алтын алса болору, калдык сактоочу жайда дагы 112,6 тонна алтын бар экени маалымдаган.

Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөн Камчыбеков Кумтөрдү канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып турганда чыгымы көп деп калдык сактоочу жайды кайра иштетүүдөн баш тартып келгенин айтууда.

“Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы алтындын кору 110 тонна деп келатабыз. Мисалы, казылып келген тоо кендеринен 80-84% алтын өндүрүлүп, калганы калдык сактоочу жайга төгүлөт. Кумтөр 1997-жылы иштетилип баштаган. Ошондон бери калдык сактоочу жайда чогулуп калган алтын бар. “Кумтөр Голд Компани” аны 2026-жылдан 2040-жылга чейин иштетсе 70-80 тоннадай алтын алат. Калганы кайра калдыкка кетет”.

Кумтөр алтын кени. 2023-жылдын январь айы.
Кумтөр алтын кени. 2023-жылдын январь айы.

Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Тенгиз Бөлтүрүк жетектеп турган учурдагы чыгымы тууралуу отчёт жарыялаган. Компания бул убакыт аралыгында “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин каржылоого 1,9 млн. доллар короткону аныкталган. Акчанын көбү - 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн.

Кумтөрдөгү экология, коррупция маселесин көтөрүп келаткан экс-депутат Эркингүл Иманкожоева компаниянын ишмердиги тууралуу пикири менен бөлүштү.

“Компанияда коррупция болбошу үчүн ачык-айкын иштеши керек. Ай-сайын, жыл сайын чет өлкөдөн аудит жалдап ишмердигин текшертип туруу зарыл. Ошондо гана жетекчилер таза иштеп жатканына ишенсе болот”.

Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” ишканасын 2022-жылдын августунда текшере баштаган жана жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында Тенгиз Бөлтүрүк баштаган айрым кызматкерлер сентябрда камалган. Бөлтүрүк коррупция боюнча айыптарды четке кагып келет.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетип келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG