Орусиянын Украинага каршы согушуна байланыштуу киргизилген эл аралык санкцияларга карабастан, Москва 2022-жылдан бери Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге жалпы суммасы 320 миллиард долларлык мунай жана газ сатканын 12-октябрда мамлекеттик «Вести» телепрограммасында орус өкмөтүнүн отун-энергетика комплексин көзөмөлдөгөн вице-премьер Александр Новак билдирди.
Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери эле Европага 21 миллиард долларлык энергетикалык ресурстар сатылган.
Ошол эле учурда, Новак белгилегендей, Орусиянын экспорту негизинен Азия-Тынч океан аймагына багытталууда.
Согуш башталгандан тартып Батыш өлкөлөрү Орусиядан мунай сатып алууну мүмкүн болушунча кыскартуу саясатын карманып, бир катар олуттуу санкцияларды киргизген. Бирок айрым мамлекеттер, анын ичинде Франция, орус тараптан энергия ресурстарын сатып алууну улантып келет.
Шерине