Клара Сооронкулова - таанымал юрист, “Кемпир-Абад иши” боюнча абакта жатып, акталып чыккандардын бири. Алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин айтып жатат. Бирок расмий жарыялай элек.
Саясатчы өзү жашаган үйдүн байкоо камерасына түшүп калган эки адамдын тасмасын жарыялады. Тасмага караганда эки жаш жигит батирлердин биринин эшигине келип, туткасын телефондун камерасына тартып алып, кайра чыгып кетишкен. Маалыматка ылайык, окуя 9-октябрь күнү кечки саат 18ден өткөндө болгон. Сооронкулова сурамжылап отуруп эки кишинин бирөөнүн тек-жайын, анын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) иштерин аныктаган. Мындан улам, башындагы ууру деген божомолу өзүнөн-өзү четке кагылганын айтты.
Сооронкулова буга чейин алдыдагы президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин айтып келгендиктен, окуяны аны саясий жарышка байланыштырып жатат.
“Ошого туура келе турган ачкыч алып келип, биз жокто үйдү ачып, үйдүн ичине камера коёбу, "жучок" коёбу, айтор байкоо жүргүзгөнгө аракеттер деп баамдадым. Мен бул нерсени шайлоого байланыштырып атам. Анткени, эсиңерде болсо 2021-жылы дагы бүт талапкерлердин баарына тыңшоо койгон. Биз ал документтерди кийин таап калып, аны ачыкка чыгардык. Аңдып, компромат, маалымат чогултуп, анан аны шайлоо учурунда пайдалануу, менин оюмча, мамлекет башчынын бизге айткан сөзү, көрсөткөн ниетине жарашпайт. Бирдей шарт болгондон кийин, жок дегенде ушундай басым кылбай турушса. Эми бирдей шарт болбойт го, ошондо дагы басым кылбай турушса болмок”.
Саясатчы буга чейинки айрым маектеринде алдыдагы президенттик шайлоого катышууну ойлоп жүргөнүн айтканы менен талапкерлик үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз бере элек. Ал шайлоого катышкысы келген башка талапкерлер да атайын кызматтардын ушундай аракеттерине кабылып жаткан болушу ыктымалдыгын айтат.
“Биринчи май райондук милициясына арыз бердик. Эгерде алар тастыктап-тактап “ооба, ушундай экен, бул ыкчам иштерди жүргүзүп атыптыр, УКМКнын кызматкери экен” деп тастыктап бере турган болсо анда мен андан ары дагы кайрылам. Аскер прокуратурасына кайрылам, сотко кайрылам. Анткени, бул ачыкка чыккандан кийин, эмне себептен булар ушундай аракеттерди көрүп атканын, эмне үчүн менин үйүмө байкоо жүргүзүп атканын, эмне үчүн менин үйүмө келгенин мага билдириши керек. Бул азыркы учурда ушундай бир чоң көйгөй болуп атат. Баарыбыз кандайдыр бир, орусча айтканда, “под колпаком” болуп калдык”.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы Сооронкулованын арызы каттоого алынып, окуяга тиешеси бар жарандардын өздүгүн аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоо эркин, таза жана ачык-айкын өтөрүн айтып, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөрүн билдирген. 25-сентябарда президенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун, ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана талапкерлер үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров мурдараак “Азаттык” үналгысына курган маегинде таза саясий атаандаштык үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген.
“Реалдуу атаандаштык болушу керек. Ошондуктан, мына, мамлекет бүт шартты түзүп берди. Эгерде саясатчылар өзүнүн күчүн көрөйүн, аброюн элдин таразасына коём десе катышсын. Президент административдик ресурс колдонулбашын дагы бир жолу далилдеди. Ачык-айкын, бардыгына тең шарт түзүлсүн деген өзүнүн позициясын билдирди. Бул мыйзамдын дагы талабы жана ушул күндөгү учурдун дагы талабы. Бул туура, ушундай болушу керек".
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. БШК даярдык иштерине киришип, шайлоону өткөрүүгө 1 млрд 200 млн сом коротуларын билдирген.
Шайлоого учурдагы президент Садыр Жапаров катышары белгилүү. Андан тышкары, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев менен жоюлуп кеткен Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев саясий жарышка катышуу ниеттерин жарыялашкан. Бирок, 25-сентябрдан берки он күндөй мезгил ичинде талапкер болуу жөнүндө БШКга бир да арыз түшө элек.
Талапкерлерди каттоо иши 23-декабрда аяктайт. Ошондон тарта 26-январга чейин үгүт иштери жүрөт.
Мыйзам боюнча талапкер болуу үчүн 30 миң кол чогултулуп, 8-декабрга чейин БШКга тапшырылышы керек. Бул жолу кол чогултуу “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.
Шерине