Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

Акыйкатчыга кайрылгандардын 36% сот органдарынын ишине арызданган

Жамиля Жаманбаева, Акыйкатчы.
Жамиля Жаманбаева, Акыйкатчы.

Акыйкатчы институтуна өткөн жылы 9672 кайрылуу келип түшкөн. Алардын 36% сот органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өткөн жылдагы ишмердүүлүк боюнча баяндамасында билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулардын 21% укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу болгон. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине байланыштуу арыздар да түшкөн.

«Акыйкатчы институту 270 сот отурумуна мониторинг жүргүзүп, алардын 44% кечигүү менен башталганын, ал эми 42% ар кандай себептерден улам кийинкиге жылдырылганын аныктады. Кечигүүлөр жана жылдыруулар негизинен судьялардын жүктөмүнүн көптүгүнө, мурунку иштердин созулушуна жана процесстин катышуучуларынын келбей калышына байланыштуу болгон», - деди Жаманбаева.

Жыйынга катышкан сот тутумунун өкүлү Алмаз Мүсүралиев ченем боюнча бир судья айына орто эсеп менен 20 иш карашы керек болсо, учурда 80ге жакын ишти кароого туура келип жатканын айтып, муну судьялардын жүктөмү өтө жогору болуп жатканы менен түшүндүрдү. Ал ошондой эле сот залдарынын жетишсиздигинен улам айрым иштерди кароо мөөнөтү жылып жатканын билдирди.

Эл өкүлдөрү тараптардын укуктарын камсыз кылуу үчүн бул маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырышты.

Бүгүн Жамиля Жаманбаеванын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети укту.

Буга чейин Акыйкатчы институту 2025-жылы жарандардан түшкөн кайрылууларды жана сот отурумдарына жүргүзүлгөн мониторингдердин жыйынтыктарын талдап чыгып, бир катар көйгөйлөрдү аныктаган. Ошондой эле сот системасындагы кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарын берген.

Кыргызстанда "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам 2002-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, акыйкатчы жыл сайын өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу Жогорку Кеңешке баяндама тапшырат.

Акыйкатчынын баяндамасына бааны Жогорку Кеңеш берет. Президент, Министрлер кабинети, УКМК жана башка мамлекеттик органдар анын ишмердүүлүгүнө кийлигише албайт.(КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG