Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Орусияда согушту айыптаган "Яблоко" партиясынын арызы Жогорку сотто четке кагылды

"Яблоконун" төрагасы Николай Рыбаков сотто. 2026-жылдын 17-августу.
"Яблоконун" төрагасы Николай Рыбаков сотто. 2026-жылдын 17-августу.

Орусияда Жогорку соттун апелляциялык инстанциясы "Яблоко" партиясын парламенттик шайлоого катыштырбоого мүмкүнчүлүк берүүчү чечимди карап, күчүндө калтырды. Мекеменин чечимине каршы арыз 17-августта каралып, партиянын соттун алдында чогулган тарапташтары арасынан он чакты киши кармалганы кабарланды.

Отурум ачык өтөт деп жарыяланганы менен сот залына тараптар менен журналисттер гана киргизилди. Эми, партиянын басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку соттун президиумуна арыз берилет.

Оппозициялык «Яблоко» партиясы Мамлекеттик Думага шайлоого катышуу укугунан ажыраткан сот чечимине каршы 14-августта арызданган. Жогорку сот 10-августта «Родина» партиясынын доосунун негизинде «Яблокону» шайлоого катышууга берилген укугунан ажыратуу чечимин кабыл алган.

«Яблоконун» төрагасы Николай Рыбаков партиянын юристтери тизмени шайлоодон четтетүүгө эч кандай негиз жок экенин так далилдеп бергенин, сот чечими жокко чыгарыларына ишенерин айткан.

«Яблоко» — Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик Думага шайлоого каттаган партиялардын ичинен Украинадагы согушту тез арада токтотууну ачык жактаган жалгыз партия. Бул позициясы үчүн ал шайлоонун башка катышуучуларынын, анын ичинде «Родина» партиясынын сынына кабылууда.

«Родинанын» доосунда «Яблокого» экстремизм боюнча коюлган айыптардан тышкары автордук укуктарды бузуу, чет өлкөлүк социалдык тармактарда жарнама колдонуу жана башка мыйзам бузуулар тууралуу дооматтар айтылган. Сот доогер тараптын аргументтеринин көпчүлүгүн негиздүү деп тапкан.

«Яблоко» жана оппозициялык маанайдагы айрым комментаторлор партиянын федералдык тизмесин шайлоодон чыгаруудагы себептер саясий мүнөздө болгон деп эсептешет. Партиянын маалыматына караганда, соңку сурамжылоолор «Яблоконун» көп жылдардан бери биринчи жолу шайлоодогу 5 пайыздык босогодон өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөткөн.


Шерине

XS
SM
MD
LG