Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Тажикстан Ирандан мунай алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Тажикстандын делегациясы Иран тарап менен күйүүчү май жеткирүү маселесин талкуулап жатат.
Тажикстандын делегациясы Иран тарап менен күйүүчү май жеткирүү маселесин талкуулап жатат.

Расмий Дүйшөмбү менен Тегеран мунай продукцияларын жана чийки мунайды Тажикстанга жеткирүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Сүйлөшүүлөр 15-августта Тегеранда өттү. Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума Ирандын мунай министри Мохсен Пакнежад менен жолугуп, дизель жана авиациялык күйүүчү майды, ошондой эле чийки мунайды Тажикстанга жеткирүү маселесин талкуулаган.

Тараптар Ирандан чийки мунайды Тажикстандын мунай иштетүүчү заводдоруна жеткирүүнү да сүйлөштү.

Мындан тышкары Тегеран тажик базары үчүн күйүүчү майды жеңилдетилген баада берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бирок кандай жеңилдиктер болушу мүмкүн экени азырынча так айтыла элек.

Ирандын мунай министри эки өлкөнүн ортосунда узак мөөнөттүү келишимди даярдоо үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Жеткирилчү кара майдын көлөмү логистикалык мүмкүнчүлүктөргө жараша аныкталат.

Тажикстандын энергетика министри Далер Жума Тегеранда жетишилген макулдашууларды кубаттап, азыр Дүйшөмбү күйүүчү май импортун көбөйтүүгө аракет кылып жатканын айтты.

«Учурда бүт дүйнө энергетикалык көйгөйлөргө туш болуп жатат, өзгөчө Тажикстан. Биз Ирандан күйүүчү май жеткирүүнү көбөйтүүгө аракет кылып, ошол эле учурда логистика маселелерин чечип жатабыз», — деди Жума.

Тажикстан акыркы апталарда күйүүчү майдын альтернативдүү булактарын активдүү издей баштады.

Июлдун аягында Дүйшөмбү Кытайдан бензин жана дизель импорттоо боюнча да сүйлөшүү жүргүзгөн. Буга өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгы жана баалардын өсүшү себеп болгон. Июль айынын аягында тажик баш калаасында дизель көпчүлүк май куюучу жайларда жок болуп, бензиндин баасы жай мезгилинин башына салыштырмалуу болжол менен 15% кымбаттаган.

Тажикстан күйүүчү май боюнча Орусияга аябай эле көз каранды.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө импорттолгон жана өлкө ичинде өндүрүлгөн күйүүчү майдын 72%дан ашыгын Орусиядан келген продукция түзгөн.

Орусиянын өзүндө да күйүүчү май тартыштыгы жаралып, бир катар мунай иштетүүчү заводдор дрон чабуулдарына кабылган.

Москва ички рынокту камсыз кылуу максатында күйүүчү май экспортун чектеген.

Тажикстанда эки мунай иштетүүчү ишкана бар. Иран менен жетишилген жаңы макулдашуу ишке ашса, Тегеран бул заводдор үчүн чийки мунайдын булактарынын бирине айланышы мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG