Чет жакта жашаган бир катар орусиялык оппозициялык саясатчылар, журналисттер, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана блогерлер сентябрда өтө турган Мамлекеттик Думага шайлоодо «Яблоко» партиясын колдоо өнөктүгүн башташты. "Свобода" жазгандай, анын алкагында «Яблокону коомдук колдоо штабы» деп аталган кыймыл түзүлүп, интернет аркылуу үгүт иштерин баштады.
Демилгечилер «Яблоко» партиясы же анын айрым талапкерлери бул коомдук колдоо штабына тиешеси жок экенин белгилешти.
«Биз Орусиянын жарандары катары каалаган саясий күчтү колдоп үгүт жүргүзүүгө укуктуубуз жана ушул укугубуздан пайдаландык», - деп билдиришти өнөктүктүн уюштуруучулары.
Кремлдин башкы сынчысы болгон орусиялык оппозиционер саясатчы, маркум Алексей Навальныйдын жубайы жана ал негиздеген "Коррупцияга каршы күрөш" фондунун жетекчиси Юлия Навальная да орусиялыктарды быйыл сентябрда өтө турган Мамлекеттик Думага шайлоодо «Яблоко» партиясына добуш берүүгө үндөдү.
6-августта ал Телеграм каналына видео кайрылуу жарыялап, шайлоодо кантип добуш берүү керектиги тууралуу сунуштарын берди.
Округдар боюнча шайлоодо ал бийликтеги "Единая Россия" партиясынын талапкерин жеңе ала турган адамды сунуш кыларын, ошону колдоо керек болорун айтты.
Ал эми партиялык тизме боюнча "Яблокону" сунуш кылган себебин бул партия Украинадагы согушка каршы экенин ачык билдиргендердин арасынан шайлоо бюллетенине киргизилген жалгыз партия экенин белгиледи.
Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо быйыл 18-20-сентябрда өтөт. Бул Украинадагы согуш башталгандан берки алгачкы парламенттик шайлоо. «Яблоко» партиясы шайлоого «Тынчтык жана эркиндик үчүн» деген ураан менен катышууда.
5-августта «Яблоко» шайлоого расмий катталгандан кийин «Справедливая Россия» партиясынын төрагасы Сергей Миронов Башкы прокуратура менен Юстиция министрлигинен аталган партияны согушка каршы позициясы үчүн текшерүүнү суранган.
"Яблоко" Украинадагы согушту токтотууну өзүнүн программасында ачык билдирген Орусиядагы жалгыз партия болууда. Эксперттердин пикиринде, дал ушул позициясынан улам аны Мамлекеттик Думага шайлоого катыштырбоо аракеттери болгон. Бирок жыйынтыгында ал шайлоого расмий каттоодон өттү.
Шерине