Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Муратбек Азымбакиев Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Мунун алдында ал Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордуна бекитилген.
Ал эми Кыргызстандын Швейцариядагы мурдагы элчиси Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болгон.
61 жаштагы Муратбек Азымбакиев 1990-жылы Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1990-1991-жылдары Каракол шаарында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл педагогикалык институтунда мугалим болуп баштаган. 1993-жылы Тышкы иштер министрлигине жумушка кирип, 2019-жылга чейин бул мекемеде ар кандай кызматтарда иштеген. 2022-жылы президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, бул кызматтан 2025-жылы кеткен. (BTo)
Шерине