Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Иран Ормуздагы түштүк коридорго макул болбогонун билдирди

Ормуз кысыгы
Ормуз кысыгы

Ирандын расмий өкүлү Тегеран “АКШ таңуулаган” Ормуз кысыгынан өткөн түштүк коридордон баш тартканын билдирди.

Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин басма сөз катчысы Хасан Кашкави АКШ “Исламабад меморандумунун 5-беренесин бузуп”, “кысым-басым жана коркутуулар менен” ошол коридорду таңуулоого аракеттенгенин айтты.

Ирандын сот органдары тескеген “Мизан” кабар агенттиги жазгандай, ал жол өлкөнүн “улуттук жана коопсуздук кызыкчылыктарына жооп бербейт” жана Тегеран буга байланыштуу Оман тарапка каршылыгын билдирди.

Ислам жумурияты стратегиялык маанилүү маршруттун структурасын жана башкарылышын Тегеран менен Маскат гана аныктоого укуктуу деп белгиледи. Ошол эле маалда Иран Омандын уруксаты менен ал өлкөнүн жээгин бойлоп кысыктан өтүүгө аракеттенген кемелерге бир нече жолу сокку урган.

Кашкави ошондой эле “Ормуз кысыгы согушка чейинки шарттарга кайтпайт” деп кошумчалады.

Мунун алдында Вашингтон администрациясы кысыкты ачуу келишимин түзүүгө жакындашканын, кемелердин каттамы 5-августта жанданышы мүмкүн экенин билдирген.

АКШ менен Израил сокку ура баштагандан көп өтпөй, мартта, Иран Ормуз кысыгын иш жүзүндө жаап салган. Июнда канал кыска мөөнөткө ачылып, бирок июлда кайрадан блокада тууралуу жарыялаган. Чектелген сандагы айрым кемелер Ормуздан өтүп жүрөт.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG