5-августка караган түнү Германиядагы Лейпциг/Галле аэропортунда украиналык жүк ташуучу Ан-124 учагынын жанында табылган шектүү буюмду текшеришкенде ал жардыргыч механизм менен жабдылган дрон болуп чыкты. Бул тууралуу DPA агенттиги маалымдады. Аппарат алыстан зыянсыздандырылды.
Аэропорт өз ишин убактылуу токтотту, бир нече учак башка жерлерге багытталды.
Полиция диверсия деген версияны иликтеп жатат, дрондун оператору изделүүдө.
Ошол эле түнү DHL компаниясынын учагы абада белгисиз бир объект менен сүзүшө кеткени кабарланды. Учак Ганновердеги аэропортко конууга аргасыз болгондон кийин тергөөчүлөр анын тумшугу жагында чакан оюктарды табышты.
Полиция окуяны мамлекеттик коопсуздукка ыктымал кылмыш деп сыпаттады.
Саксониянын ички иштер министри Армин Шустер чөлкөмдүн жана федералдык коопсуздук органдары, полициянынучкучсуз учактар менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери биргелешип иштеп жатканын, ал окуялар коопсуздук чөйрөсүндөгү олуттуу инцидент катары каралып жатканын билдирди.
Лейпциг/Галле аэропорту аркылуу Батыштын Украинага берген жардамы жөнөтүлөт.
Орусия Украинага кол салган 2022-жылдан бери Германияда учкучсуз учактар аныкталган учурлар көбөйдү. Быйылкы жылдын алты айында эле өлкөнүн Аэронавигация кызматы уруксат берилбеген дрондордун айынан жергиликтүү аэропорттордун иши 145 жолу үзгүлтүккө учураганын каттаган. Жабдыктардын операторлору же ким учурганы көпчүлүк учурда белгисиз калууда.
Шерине