Тажикстандын Согди облусундагы Пенжикент шаарынын бийлиги жана милиция кызматкерлери "улуттук салтка дал келбеген" кийим-кече кийгендерге каршы рейд жүргүздү.
Бийликтеги Улуттук-демократиялык партиянын жергиликтүү бөлүмү 4-августта жарыялаган сүрөттөрдөн өнөктүк негизинен хижабчан кыз-келиндерге багытталган деп баамдаса болот. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.
Сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, бийлик жана милиция өкүлдөрү чачы-башын, моюнун жана ийиндерин жапкан жоолук салынган аялдар менен сүйлөшүп турат.
Өкмөт өнөктүк "жат маданияттын жайылышын алдын алууну жана улуттук нарк-насилдерди сактап калууну" көздөгөнүн айтууда. Ошол эле маалда канча кыз-келин менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү такталган жок.
Бийлик өкүлдөрү менен маектешкен хижабчан аялдар жумушунда же жеке турмушунда маселелер чыгышы мүмкүн деп, эмнелер тууралуу сөз болгонун "Озоди" радиосунун кабарчысына айтуудан баш тартышты.
Тажикстанда мамлекеттик түзүмдөр улуттук кийим-кечени сүрөөнгө алган иш-чараларды маал-маалы менен өткөрүп турушат.
2024-жылы президент Эмомали Рахмон "улуттук үрп-адаттарга каршы келген" кийим-кечени алып келүүгө, пропагандалоого жана кийип жүрүүгө тыюу салган түзөтүүлөргө кол койгон. Аны бузгандарга айып пул салынат.
Ошол эле маалда андай кийим-кече мыйзамдарда так аныкталган эмес. Иш жүзүндө болсо хижаб, никаб, паранжы жана башка диний кийимге тыюу салынган.
Хижаб жана диний кийимге байланышкан маселелер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да талкууланып келген.
Кыргызстанда коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сом айып пул салуу каралган.
Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы 2023-жылдын 5-сентябрында коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартууну караган мыйзам долбоорун жактырган.
Шерине