Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Көрүнүктүү тарыхнаамачы Жаныбек Жакыпбековдун жаркын элесине

Жаныбек Жакыпбеков 80 жаш курагында дүйнө салды.
Жаныбек Жакыпбеков 80 жаш курагында дүйнө салды.

Мыкты устатыбыз Жаныбек Жакыпбек уулу Кожобек небереси (25.5.1946–04.8.2026) баш оона айынын алгачкы шейшембисинде дүйнө салды. Редакциядан: автордун жеке пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Аны мүлдө журтубуз кыргыздын көрүнүктүү тарыхчысы, тарыхнаамачысы, дастан айтуучусу, фолклор казынасын сактоого зор салым кошкон өнөр ээси, таланттуу педагог катары таанып келди.

Жакында эле агайыбыздын 80 жаш торколуу маараке тоюна катышып, анын илимий-педагогдук эмгегине ыраазычылык билдирип келген элек. Анын уулу Русланга дал ушул мааракелик чара үчүн алкыш айтканбыз. Көрсө, Жаныбек агайыбыз жакын туугандары, куда-сөөгү, чыгармачыл журт, шакирттери менен кош айтышууга бул тойго чакырган тура.

Быйыл 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн 110 жылдыгын ар кыл серелерде (бийлик тарабынан да, жарандык коом тарабынан да) белгилеп жатабыз. Жакында эле “Эсимде” аянтчасы менен “Тосор” коому демилгелеген 110 чакырымдык эскерүү жөө жүрүшү байсалдуу соңуна чыкты. Баш оона айында жана андан кийин дагы 1916-жылдагы бабалардын эгемендик үчүн күрөшүнүн жана Улуу Үркүндүн 110 жылдык мааракесине багышталган илимий, маданий, коомдук ар кыл эскерүү чаралары өткөрүлөрү шардана кылынган.

Ал эми Жаныбек Жакыпбек уулу агайыбыз – бабаларыбыздын орусиялык падышалык оторчулукка каршы эгемендик үчүн күрөшүнүн тарыхын жана тарыхнаамасын ырааттуу жана калыс иликтеп келген чаалыкпас адис эле... Атаганат, дал ушул калыс илимий нукту Кеңеш доорунда эле тайманбастан чапкан профессорлор Анварбек Хасанов (1914–1984) менен Кушбек Үсөнбаевдин (1928–1999) мыкты шакирттери, маркумдар Ташманбет Кененсариев (1949–2021) менен Токторбек Өмүрбековдун (1955–2019) артынан жогорудагы залкар агайлардын дагы бир окуучусу – Жаныбек Жакыпбек уулу жарык дүйнө менен кош айтышып, “акыркы могикан” катары кабыргабызды кайыштырып отурат.

Жаныбек агайыбыз Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы тоо этегиндеги Кум-Арык айылында кадырлуу мугалим Жакыпбек Кожобек уулунун үй-бүлөсүндө туулган. Теги – кыргыздын накай уругунан. Жаныбек агайыбыз үй-бүлөнүн тун баласы болчу.

Ал Кеңеш аскерлеринин катарында (1972–1974-ж.ж) болуп, Чыгыш Германияда (ал кездеги ГДР) дагы кызмат өтөгөн жана улук лейтенант аскердик даражасына жеткен. Тактык – анын өмүр бою сактаган мыкты жеке сапаттарынын бири болчу. Балким, бул сапат агайыбызда аскерге чейин эле болгондур.

Агайыбыз 1974-жылдан баштап Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ, ал кездеги жумурияттагы көзгө басар университет болгон Кыргыз мамлекеттик университети) тарых факултетинде СССР тарыхы кафедрасында эмгектене баштаган. Бир канча жылдар бою агайыбыз КУУнун Байыркы жана орто кылымдардагы Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы кызматын дагы аркалаган. Акыркы жылдары ал бириктирилген Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору болду. Демек, ал педагогдук чыгармачыл өмүрүн дээрлик КУУда гана өткөрдү.

Ж.Жакыпбек уулу 1917-жылдагы ыңкылаптарга чейинки (XIX к. – XX к. башындагы) Кыргызстандын тарыхы жана тарыхнаамасы боюнча негизги адис катары таанымал. 2013-жылы агайыбыз Кыргызстандын оторчулук доорундагы социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалынын тарыхнаамасынын көйгөйлөрү боюнча доктордук диссертациясын жактап, тарых илимдеринин доктору болуп калган.

Анын илимпоздук эмгектери (арасында Кыргызстандын Орусияга каратылышынан кийинки мезгилдеги улуттук-боштондук кыймылдын тарыхнаамасы жана көтөрүлүш кандуу жазалангандан кийинки Улуу Үркүндүн тарыхнаамасы менен байланыштуу өңүттөргө арналган китептери менен макалалары) таасын архивдик маалыматтарды илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын калыс айкалыштырып талдоосу менен айырмаланып келген.

Жаныбек Жакыпбек уулу агай өзүнүн илимдеги шакирттеринен тышкары жалпы эле өзүнөн жашы кичүү тарыхчы окумуштууларга жаракөрлүк менен ар дайым устаттык кеңеш берип келчү.

Жаныбек агайым менин илимпоз айдың болуп жетилишиме да зор салым кошкон тарыхчы-педагог инсандардан эле. Ал 1976—1977-жылдардагы кыш айларында «Тоо жылдыздары» деген адабий ийримге бара баштагандыгыма да данакер болгон. Агайыбыздын атасынын бир тууган агасы Чалаке Кожобек уулунун бир уулу – Муратбек Кожобеков да тарыхчы илимпоз болуп калды. Мукебиз кийин Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы боюнча диссертациясын жактады (жетекчиси – профессор Өмүркул Караев эле).

Мураттын айылдагы үйүнө барган сайын аталаш агасы Жакыпбек атанын үйүнө да сөзсүз баш багып, ал киши менен баарлашып, чай ичип, андан соң айылдык балдар менен футбол ойноп кетер элек.

Жаныбек агайыбыздын жаншериги, мээримдүү акын жана жазуучу Керез Зарлыкова эжекем кесиби тарыхчы, бирок көркөм адабият жаатына өткөн. Керез эжекем дагы «Тоо жылдыздары» ийримине ырааттуу барар эле.

Чыгаан сыналгы режиссёру, ыраматылык Балташ Кайыпов агайыбыз Жаныбек Жакыпбек уулунун кыргыздын кенже дастандарын мыкты айткан өнөрүн байкап, 1970-жылдардын соңунда аны Кыргыз сыналгысында (азыркы УТРК) бир нече берүүгө чакырып, анын өнөрүнүн өрнөктөрүн кийин да УТРКнын алтын казынасына жаздырып алышканы эсте. Айрым сыналгы берүүлөрүнө биз (б.а. агайыбыз жакшы көргөн жана кыргыз фольклору жаатында таалимге ээ студенттер) жарданып угуп отурган карапайым угарман калайыктын өкүлдөрү катары бир нече ирет катышып калдык.

Тарыхчы курсташым, өз демилгелүү таланттуу ырчы айым Фарида Болотбек кызы Сейдакматова маркум агайыбыз менен чогуу катышкан бир берүү жөнүндө мындайча эскерди:

«Агай экөөбүз «Балкы кыз менен Калыктын айтышы» деген чакан кино берүүгө тартылганбыз. Агай Калыктын, менБалкы кыздын ролун аткарган элек». (Кызык, бул берүү УТРКнын архивинде сакталып калды бекен?)

Эсиме башка да жеке турмуштук окуяларым чубалып келүүдө. Мен студент кезимде, 1978–1980-жылдары, акын Токтогул Сатылган уулунун 1898-жылдын бугу (май) айындагы Анжыян көтөрүлүшүнө болжолдуу катышуусунун жана кийин сүргүнгө айдалышынын жагдайлары жаатында профессор Анварбек Хасановдун жетекчилигинде изилдөө жүргүздүм. 1980-жылы жалган куран (март) айында, 4-курстун студенти кезимде, А.Хасанов агай мени Ташкен шаарына (Өзбек ССРинин Мамлекеттик архивине жана илимий китепканаларга) токтогул таануудагы дал ушул өңүттү иликтөө үчүн илимий сапарга жөнөттү. Албетте, жол кирени КУУнун ректораты көтөрдү.

Ташкенге келер замат Алишер Навои атындагы мамлекеттик китепканага барып, адабият каталогдору менен тааныша баштадым. Кудай жалгап, ал жерден Жаныбек Жакыпбек уулу агайыма жолугуп калсам болобу! Көрсө, агайым дагы жаш окумуштуу катары Ташкендеги архивде жана китепканаларда иштөө үчүн илимий сапарда жүргөн экен.

Кечкурун Алишер Навои атындагы китепканадан чыгарыбызда Жаныбек агай:

– Эми каякка барасың? Каякта жайгаштың? – деп сурап калды.

– Азыр китепканадан чыгар замат жатакана же конок үйдөн орун издейм, – деп баёолук менен жооп бердим.

Жаныбек агайым таң калып, апендилигиме ушунчалык чын пейилден каткырып жиберди. Анан ал өзү конуш тапкан окутуучулар жатаканасындагы бир бөлмөгө ээрчитип барып, баарлашып, чай ичтик. Анан ал керебеттеги матрасты мен үчүн полго төшөдү да, өзү калган жуурканды керебетке төшөнүп, уйкуга кеттик.

Бала чакта кыркында, сакманда, кийинчерээк студенттик курулуш кошуундарында далай ирет болгон, ар кыл шарттарда конуш таап жүргөн мендей жаш студент жигит үчүн жылуу бөлмөдөгү полдогу матрас (1999-жылы илимий жыйын маалында Ошто Ташын агайдыкында бир жолу жаткандагыдай тогуз кат төшөккө эч кандай тете болбосо да), дал ошол түн үчүн беш жылдыз конок үйүнүн керебетине тете эле болду.

Эртеси таңга маал Жаныбек агайым мени Өзбекстандын олимпиачы спортчуларды даярдоо борборунун конок үйүнө ээрчитип барды.

– Бул арзан конок үйү, бирок анын шарты окутуучулардын жатаканасыныкынан алда канча жакшы, – деди Жаныбек агай.

Конок үйдүн деректири өзбек аксакал экен, агайым ага мени тааныштырды да:

– Ушул студент балабызга орун таап бериңиз, байболгур. Кийинчерээк бизге келиңиз, Ысык-Көлгө алып барып сыйлайбыз! – деди.

Албетте, жүрөгүм «шуу» дей түштү. Ал аксакалды «каяктан Ысык-Көлгө алып бармак элем?» деген ой кылт кетти. Кийинчерээк Жаныбек агай мага күлүп жүрдү: «Ошондо ал кишини сен эмес, мен көлгө чакырып жаттым да!»

Чынында да бул конок үйү абдан сонун экен. Ташкендеги архивде да, китепканаларда да иштеп, баалуу материал жана тажрыйба топтодум. Жаныбек агайымдын ошондогу жаракөр жана камкор аракети азыр да жүрөк толтосунда сакталып турат.

Кийинчерээк илимий изилдөөмдүн темасы Кыргызстандын орто кылымдардагы тарыхына байланыштуу өзгөрдү. Акыры Ташкен шаарында Өзбекстан ИАсынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда стажёр жана аспирант болуп беш жылдай убакыт короттум. Ошентип, Жаныбек агайдын жолун улантып, Ала-Тоодон келген ар кыл илимпоздорго Ташкенде кыйла жылдар бою жол көрсөткүч болуп жүрдүм.

Кийин ойлосом, Жаныбек агай кыргыз фольклордук мурасын гана астейдил өздөштүрүп чектелбестен, каада-салтты, адамкерчиликке байланыштуу коомдук көндүмдөр менен тажрыйбаны да мыкты жүзөгө ашыра алган жөнөкөй, чынчыл, мээнеткеч, мээримдүү инсан экен.

Жаншериги, акын жана жазуучу Керез Зарлыкова эжебизге да, кинорежиссер кызы Паризатка да агайыбыздын тарыхчы жана дастанчы катары чыгармачыл бай казынасы жагымдуу таасир тийгизген деп санайм. Үй-бүлөсү да Жаныбек агайыбызды өзгөчө бөпөлөп келишти.

Керез эжеке Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, тестиер кезинде Кыргызстанга жөнөтүлүп, акыры кыргыз болуп калган украин кызы Ксения Мороз (тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти Сейне Сырдыбай кызы Искенова) эжекебиздин тагдыры тууралуу дарекке негизделген баян (Зарлыкова К. Ксения: Повесть жана аңгемелер. – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 215 б.) жазганы мүлдө журтка маалым. Сейне эжекебизди Жаныбек агай экөө тең студент кездеринен өздөрүнүн мээримдүү педагогу катары мыкты билишчү.

Ал эми Паризат Жакыпбекованын «Жеңижок» тарыхый тасмасынын (2024) жаралышында да Жаныбек агайыбыздын XIX кылымдын фолклору жаатындагы адистик кеңеши орчун болгондугу талашсыз.

Эми, тагдыр сабагы ушул экен, профессор Жаныбек Жакыпбек уулу агай тууралуу өткөн чакта гана жаза баштаган мүшкүл кезең келди. Бирок агайыбыздын жаратмандык эмгектери аны түбөлүккө эстей тургандай экинчи өмүрдү баштоосуна да негиз болуп калгандыгына каниет кылышыбыз керек.

Агайыбыздын жаншериги Керез эжекебизге, жалпы эле маркум агайыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Агайыбыздын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Ал иликтеп келген орчун илимий көйгөйлөр жаңы муундагы тарыхнаамачылар тарабынан андан ары байсалдуу изилдене бермекчи.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG