Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Ормуз кысыгы бүгүн-эртең ачылары кабарланды

Ормуз кысыгы
Ормуз кысыгы

АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгын кайра ачуу боюнча келишимге “эртең же андан кийинки күнү” жетишилиши мүмкүн, тиешелүү сүйлөшүүлөрдө жылыш бар деп билдирди.

Мунун алдында Axios басылмасы булактарына шилтеме менен Кошмо Штаттар, Иран жана Оман Ормузду ачуу тууралуу утурумдук келишимге жакындаганын маалымдаган. Стратегиялык канал менен согушка чейин дүйнөлүк кара май менен газдын дээрлик 20% ташылчу.

«Алар мага телефон чалып «келгиле, сүйлөшөлү» деп суранышты. Алар сүйлөшүүнү каалашат. Келишим түзүүнү каалашат. Соккуларга жеткиргиси келбейт», - деп айтты Трамп Лос-Анжелестен Лас-Вегаска аттанып жатып.

Америкалык президент ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасын оң баалады.

Басылма кысыкты ачуу 5-августка пландалганын жазган.

Ошол эле күнү АКШнын финансы министри Скотт Бессент тараптар Ормуз кысыгында кеме каттамын жандандыруу боюнча макулдашууга жакындашканын билдирди.

Вашингтондун расмий өкүлү Ирандын бийлиги келишимдин долбоорун жактырганын Axios басылмасына бышыктады. Маалыматка ылайык, кеп Иран менен Оман ортосундагы 60 күндүк макулдашуу тууралуу жүрүүдө. Ормуз кысыгына жана Перс булуңуна кирген кемелер Ирандын жээги менен же түндүк маршруту менен өтөт, андан кийин Омандын жээги менен чыгып кетет. Тегеран талап кылып, бирок Вашингтон каршы болуп жаткан төлөм бул мөөнөттүн ичинде алынбайт.

Ирандын бийлиги азырынча расмий комментарий жасай элек. Буга чейин Оман менен сүйлөшүү жүргөнүн, АКШ ага катышпаганын маалымдашкан.

АКШ менен Израил сокку ура баштагандан көп өтпөй, мартта, Иран Ормуз кысыгын иш жүзүндө жаап салган. Июнда канал кыска мөөнөткө ачылып, бирок июлда кайрадан блокада тууралуу жарыялаган. Чектелген сандагы айрым кемелер Ормуздан өтүп жүрөт.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG