Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда айрым май куюучу жайларда АИ-92, АИ-95 жана дизел тартыш болуп жатканын ырастады. Бул тууралуу ал 6-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргызстан-Орусия экономикалык форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ал өлкөдө тартыштыкты болтурбоо үчүн Азербайжан, Түркмөнстан, Ирандан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр улантылып жатканын кошумчалап, Орусия менен түзүлгөн келишим боюнча маалымат берди.
“Орусиянын өзүндө күйүүчү май тартыш болуп жатканына карабастан бизге 100 миң тонна (ред: айына 100 миң тоннадан) күйүүчү-майлоочу майды берүүгө макул болду. Бул негизинен эки президенттин сүйлөшүүсү. Контракт түзүлдү. Буюрса ушул айдын аягына чейин күйүүчү майдын биринчи партиялары келе баштайт”, - деди ал.
Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин, ушул тапта өлкөдө бензиндин эки айга жете турган кору бар экенин айткан. Ал 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койгонун кабарлаган.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.
Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. Мындан улам Орусиянын өзүндө кризис пайда болуп, Кремль Батыш өлкөлөрүндө экологиялык талаптарга жооп бербейт жана адамдын ден соолугуна кооптуу деп табылган Евро-2, Евро-3 жана Евро-4 стандартындагы бензинди импорттоого жана сатууга уруксат берди. Орус Энергетика министрлиги бул чара убактылуу экенин жана күйүүчү май рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айткан. (BTo)
Шерине