Грузиянын борбору Тбилисиде жана башка аймактарда 5-августтун кечинде электр энергиясы бир нече саатка жапырт өчтү. Июлдун аягынан бери мындай көрүнүш үчүнчү жолу болуп атат.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун грузин кызматы кабарлады.
Өлкөдө байланыш үзгүлтүккө учурап, Тблисиинин метросу ишин токтотуп турду.
Грузиянын курамындагы Москва колдогон жикчил жана өзүн эгемен республика деп жарыялап алган Абхазияда да жарык өчкөнүн аймактын Энергетика министрлиги ырастады. Буга Ингур ГЭСинде авария болгону жүйө келтирилди.
ГЭСтин объектилери Грузиянын да, Абхазиянын да аймактарында жайгашкан.
"Электр энергиясын калыбына келтирүү иши жүрүп жатат", – деп жазылган абхаз министрлиги тараткан маалыматта.
Грузиянын бийлиги жарыктын өчүшүнө мурдагы авариялардын себебин аныктоо максатында Ингур ГЭСинин системаларын тесттен өткөрүү аракети түрткү болгонун жарыялады.
Буга чейин 23-25-июлда болгон блэкауттарда Тбилисиде жана өлкөнүн башка аймактарында бир нече саат бою электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
Шерине