Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Орусиянын Жогорку соту "Яблоко" партиясын парламенттик шайлоого катышуудан четтетти

"Яблоко" партиясынын өкүлдөрү сотто. Москва. 10.08.2026
"Яблоко" партиясынын өкүлдөрү сотто. Москва. 10.08.2026

Орусиянын Жогорку соту "Родина" партиясынын доосун канааттандырып, "Яблоко" партиясынын Мамлекеттик Думага шайлоого каттоосун жокко чыгарды.

10-августта өткөн сот отурумунда прокурор менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү доогер тараптын позициясын колдоду. Ал эми "Яблоко" партиясынын төрагасы Николай Рыбаков доону четке кагууну өтүнгөн.

"Родина" партиясы "Яблокону" шайлоодон четтетүү тууралуу доо арыз менен сотко 7-августта кайрылган. Доогерлер партияны "социалдык тармактарда шайлоо фондунан төлөмсүз үгүт жүргүзгөн, автордук укуктарды бузган жана экстремисттик материалдарды тараткан" деп айыпташкан.

Ошондой эле "Родина" партиясы "Яблоконун" Украинадагы согушту токтотууга чакырыгын сынга алып, аны Орусиянын "аймактарын бошотуудан баш тартуу" катары сыпаттаган. "Яблоко" бул билдирүүлөрдү жалаа деп атаган.

Партиянын төрагасы Николай Рыбаков соттогу акыркы сөзүндө "Яблоко" Украинада согушту токтотуу боюнча келишим түзүүнү жана өзөктүк согушка жол бербөөнү жактай турганын билдирди. Ал адам өмүрүн сактап калуу - Орусиянын көпчүлүк жарандарынын кызыкчылыгы экенин белгиледи.

"Родина" ошондой эле "Яблоконун" сайтында ЛГБТны колдогон материалдар жарыяланганын экстремизмге байланыштуу негиздердин бири катары көрсөткөн.

10-августта Жогорку соттун имаратынын алдына "Яблоко" партиясынын бир нече жүздөй тарапташы чогулду. Полиция жарандардын документтерин текшерип, жеке маалыматтарын жазып алып жатты.

"Яблоко" шайлоого "Тынчтык жана эркиндик үчүн" деген ураан менен катышууну пландаган. Алар Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишим түзүүнү жана Орусиядагы саясий репрессияларга каршы чыгууну жактайт. Бул позициясынан улам партия интернетте жана жаштардын арасында тез таанылып, колдоосуна татыган. Ал үчүн 18% шайлоочу добушун берүүгө даяр экенин, бул 20 миллиондой адам экенин партиянын төрагасы Николай Рыбаков Орусиядагы коомчулуктун пикирин иликтөө борборунун 2-июлдагы маалыматына таянып билдирген.

"Яблокону" Орусия бийлиги "чет элдик агент" же экстремист деп тааныган, чет өлкөлөрдө жашаган түрдүү оппозиционерлер колдоп чыгышкан. "Яблоко" алардын билдирүүлөрү партияга эч кандай байланышы жоктугун билдирген.

Орусияда Мамлекеттик думага депутаттарды шайлоо 18–20-сентябрга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча 11 партиянын тизмесин каттады.


Шерине

XS
SM
MD
LG