11-августка караган түнү Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын Запорожье шаарына ракета жана башкарылуучу авиабомбалар менен жапырт сокку урду. Бул тууралуу Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров Telegram баракчасында билдирди.
Анын айтымында, чабуулдун кесепетинен кеминде беш адам каза болуп, дагы 20 киши жаракат алды.
Соккулар өнөр жай объектилерине жана инфраструктуралык жайларга тийген. Натыйжада турак үйлөр, ишканалардын имараттары жабыркаган. Шаардын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүп, бир нече жерде өрт чыккан.
Облус жетекчиси жарыялаган видеодо күйүп жаткан имараттар менен унааларды көрүүгө болот.
Ошол эле учурда Киев шаарында түн ичинде баллистикалык курал коркунучу тууралуу бир нече жолу эскертилип, соңку маалыматка караганда, бир адам жабыркады.
Полтава облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Виталий Дякивнич Полтава районунда Орусияга таандык деп болжолдонгон учкучсуз учуучу аппараттын сыныктары көп кабаттуу үйдүн чатырына кулаганын маалымдады. Анын айтымында, жабыркагандар боюнча маалымат түшкөн эмес.
Бийлик келтирилген чыгымдардын көлөмүн тактоону улантууда.
Шерине