Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Кыргызстан менен АКШ визалык төлөм маселесин талкуулады

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур менен жолугушту, 10-август, 2026-жыл
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур менен жолугушту, 10-август, 2026-жыл

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур менен жолугушуп, визалык жол-жоболор жана визалык кепилдик төлөмдөр маселесин талкуулады.

Жолугушуу 10-августта Бишкекте өттү. Анда кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелери, анын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана санкция маселелери боюнча өз ара аракеттенүү да каралды. Тараптар көп тараптуу кызматташууга жана эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуусуна да көңүл бурушту.

Америкалык тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары алдыдагы байланыштарды жана эки тараптуу иш-чаралардын жадыбалы талкууланды.

3-августтан тартып АКШга убактылуу иш сапар, туризм, эс алуу, туугандарга жолугуу үчүн бара турган Кыргызстандын жарандарына бул өлкөгө кирүү үчүн 20 миң долларга чейин күрөө төлөө программасы ишке кирген.

Ага чейин кыргыз жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болгон.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG