Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 10-августта, саат 08:12де Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон. Силкинүүнүн күчү 3 баллды түзгөн.
Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоосунун аймагында, Ачык-Суу айылынан 20 чакырым түштүк-батышта жана Ош шаарынан 142 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген эмес.
Сейсмология институтунун расмий сайтында күн сайын өлкө аймагында жер силкинүү тууралуу маалыматтар жаңыртылып, жарыяланып турат. Андагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда дээрлик күн алыс эле жер силкинет.
Улуттук илимдер академиясы Кыргызстанда жыл сайын 9200дөй майда жер титирөө катталарын билдирген. Бул көрсөткүчтүн эң жогорку деңгээли 2016-жылы катталган, анда 16 миң жер титирөө болгонун адистер эсептеп чыгышкан. (ZKo)
Шерине